Бишкекте мамлекеттик тил күнүнө карата мыкты мекеме жана адис аныкталат

Жазылуу
Кыргыз тили боюнча жарыяланган сынак 6-сентябрь күнү аяктайт

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Бишкекте мамлекеттик тил күнүнө карата мыкты мекеме менен адис аныкталат. Бул тууралуу мэриянын алдындагы Мамлекеттик тилди өнүктүрү бөлүмүнүн жетекчиси Элвира Ниязбекова билдирди.

Анын айтымында, жарыяланган сынак 6-сентябрь күнү аяктайт.

"Мамлекеттик тил күнүнө карата Бишкек шаарындагы муниципалитеттердин, администрациялардын арасында сынак жарыяланган. Мыкты мекеме иш кагаздарын кыргыз тилде кынтыксыз жүргүзүп, имаратка илинген жарнамалары, маалыматтык тактайчалары мамлекеттик тилде толтурулушу керек. Ал эми мыкты адис кыргызча жүргүзгөн ишмердүүлүгүнө карап тандалат", — деди Ниязбекова.

Ал сынак 6-сентябрда аяктаганы менен жеңүүчүлөр 23-сентябрь күнү филармонияда өтө турган концерттик программанын алкагында жарыяланарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0