Оштун мэри муктаж балдарга окуу куралдарын белекке берди

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшВручение школьной формы детям в Оше
Вручение школьной формы детям в Оше - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чарада шаар башчынын колунан 70ден ашуун белек алган

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев билим күнүнө карата аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына окуу куралдары менен толтурулган баштыктарды белекке берди. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Калаа башчысы мектеп окуучуларына белек тапшырып жатып алдыдагы окуу жылында ийгиликтерди каалады.

"Билим гана адамды эркин жана бийик кылат. Андыктан билимдүү болгула. Алган билимиңер менен келечекте өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон, эл үчүн кызмат кылган жаштардан болуп чоңоёсунар деп ишенем. Силерди бардык нерсе менен камсыздап жаткан ата-эненин, билим берип жаткан мугалимдин эмгегин актагыла", — деди Кадырбаев.

Иш-чарада шаар башчынын колунуна 70тен ашуун бала окуу куралдарын белекке алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0