12:27 21 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.2506
  • RUB1.0910
Ырчы жана артист Мерген Тургандын архивдик сүрөтү

Мерген Тургандын айылга каты. "Катастрофага" кептеген пальтолор, таңгалдырган апам

© Sputnik / Гулдана Талантбекова
Коом
Кыскача шилтеме алуу
"Айылга кат" — адамдардын ички сезими, сагынычы, эскерүүсү (73)
159210

Бул сапар айылга катты ырчы жана артист Мерген Турган жазып, ашыкча билимдүү атасын, жетимишке таяп калганда билген энесинин мукам добушун эстеп, айылдаш иниси Жолдошко ыраазылыгын билдирди.

Сиздер кат десеңиздер, эмнегедир эсиме өспүрүм кездеги ашыктык каты түштү.

Эсимде. Биринчи катты Алтынай аттуу кызга жазгам. Мектепте пальтону чечип, залдын бир капталындагы жалпы кийим илгичине илет эмес белек. "Каармандын" кайсы пальтону кийип жүргөнүн жаземдебей жаттап каласың да, анан алаканыңа бекем кармап жүргөн сыйкырдуу баягы катты акыры-ыын салып коёосуң. Эгерде аны туура эмес чөнтөккө салсаң, "катастрофа" дей бер. Уят болгон учурлар эсте. Андыктан, ким кандай түстөгүсүн, эмнени кийип келгендиги боюнча "разведка" жакшы иштечү.

Кийин чоңойгондо кичинекей балдар аркылуу ташыта баштадык. Алгач биз ташысак, бир аз бой жеткенде ташыттык. Каттын жообу "ооба" деп келсе, ал кыз менен алды кийин жакшы сүйлөшпөсөң деле "жүрүп калдык" деген эрдемсүү пайда болчу. Ал кезде "жүрөсүңбү" деген мода эле… Азыр эстесем, бала экенбиз деп жылуу жылмайып алам.

Мен эч кимге билдирбей "жүргөм". Азыр классташтар жолугуп калганда, жан кишиге билгизбегендигиме, "партизандыгыма" ушул кезге чейин таңгалып калышат.

Аскерде Чехословакияда радист болуп аскердик кызмат өтөдүм. Анда ата-энеге, классташтарга, сүйгөндөргө, ал тургай ымала өтө ысык болбогон тааныштарга деле кат жолдоп турчубуз. Биринчи кат ушунчалык ысык жана башкача болор эле.

Каттар кагаз бетиндеги тагдырлар

Баары эле ушинтип баштачу болсо керек. Азыр эстегенге аракет кылып көрөйүнчү.

"Алыскы Чехословакиянын Миловица шаарынан өзүнүн эки жылдык милдетин аткарып жаткан балаңыз Мергенден сагынычтуу салам кат" деп баштачумун. Анан колду баракка коюп, аны калем менен тегеретип чийип чыгып туруп салып жиберчүбүз. Бул жаңылык аз жазылып, каттын музмуну бай болбогон учурда пайдаланыла турган өзгөчө ыкма эле. Ал эми балаңыз деген жерге кээде досуң, сүйгөнүң деген сөздөр да алмашып турчу. Армияда кат келгенде бийлеген, ырдаган учурлар эсимде. Кат албай калганда капаланып, жүгүрүп барып, почточудан жок деген жооптуу угуп томсоруп калган учурлар да көз алдымда….Антейин десең, каттар кагаз бетиндеги тагдырлар.

11 бир тууганбыз…

Негизи мен Ат-Башы районунда туулуп, алты жашка чейин өстүм, андан ары кийин Нарын шаарына көчүп кеттик, кийин чоң ата, чоң энемди багып Жаңы-Талап айылында жашап калдым. Андыктан, мага өз болгон айылымдарым көп. Атамдын түбү Кочкордун Кара-Суусу болгондуктан, ал жер да көз жаздымда калбайт. 11 бир туугандын алтынчысымын. Менден улуу бешөө, кичүү бешөө бар.

"Жасаганың мен үчүн болсо, үйрөнгөнүң өзүң үчүн"

Өткөн айылга барып, балалыкта баскан издерди издеп, эстеп башкача болуп кайттык.

5-класста бактым дегеним, кичинемде бышык болсом керек, ата-энем ошондуктан, мага бул ишти "тапшырган" окшойт сыягы. Мал карачумун, үйдүн тышкы оокаттарын жасап, кадимкидей караан болчу экенмин, аларга. Чоң апам "жасаганың мен үчүн болсо, үйрөнгөнүң өзүң үчүн" деп айтып калаар эле. Азыр баамдасам, бул баланы эмгекке тарбиялоо, эмгекке тартуу окшойт. Аписа чоң энем, Ырысалы чоң атам. Ал киши чоң молдо эле. Жини чукул, бирок ичиндегисин ачык айтып салган, ак көңүл киши болучу. Апам апакай жолук салынып жүргөнү эмнегедир эсиме келе берет. Өзү таза, анан жумшак жан эле.

Оозумду ачырган апам, насаатчы болгон атам

Өмүр бою айдоочулук кесипте жүрүп өтүп кеткен атамды башкача бир эстейм. Абдан сабаттуу, көп окуган, дүйнөлүк искусствону, тарыхты жакшы билчү. Жаш кезинде эсепти чагып, университетке өтүп, эмнегедир кайра Нарынга айнып кетип калыптыр.

Ырчы болом десем, Поль Робсон деген атактуу ырчы туурасында мага көп айтып берип, шыктандырчу. Ал кезде тоо арасында, Нарында алыскы Италиянын опералык ырчысын билгендер менимче, саналуу болсо керек да. Андан сырткары, советтик ырчылардын мыктыларын санап берип, ар дайым насаатын айткандан тажабаган, чарчабаган жана менин ырчылык дараметиме ишеним арткан атам бар болучу. Тилекке каршы, 56 жашында бул дүйнө менен коштошуп кете берди. "Жаман артист болбой эле кой, ал аксак атка барабар" дегени эсимде. Мени абдан бышырды.

Ал эми апам – Үмүт жөнүндө өзүнчө сөз. Сабырдуу, сыпаа жана жоош жан эле. Мен комузда кол ойнотуп, ырга жакын атамдан талант өткөн деп жүрө берип, апамдын ырчылыгы мага берилгенин 40ка жакындаганда билип жүрбөймбү. Небересинин үйлөнүү тоюнда "Долонду" ("Долон" ыры, обону Калыйбек Тагаевдики – ред.) ушундай бир ырдады, оозум ачылып калды. Жогорку нормалар, тембр, үндүн тазалыгы бир укмуш. Ал жетимиш жашка чыгып калгандагы үн болучу…

"Мурда эмнеге укпадым экен" деп абдан өкүнгөнүмдү эч унута албайм…

Аксай жайлоосунда жарыкка келип

Атам менен апам "автолавка" менен чабандарды кыдырчу экен. Ошол маалда жайлоодо туруп калышканда, мен 1968-жылы июлда Ак-Сай жайлооосунда төрөлүптүрмүн. Атам кийик атып келип, кийиктин майы менен оозандырганын айтып калышчу. Ырысалы атам атасы мергенде жүргөндө төрөлдү, мергендей таамай аткан бала болсун деп Мерген деген ысым ыйгарышыптыр.

Ымыркай кезимде ыйлаганымда үнүм ушунчалык ачуу чыкчу экен. Үйдөгүлөр кулагын жаба коюп, ал тургай тумчукпагандай кылып, жаздык менен бастырып коюшчу экен. "Алгылачы, үнүн чаңыртпай" дешкенин үйдөгүлөр күлүп, эскерип калышканын кийин айтып жатышпайбы.

Айыл, ата-эне, адамдар туурасында

Ата-эненин баары жакшы. Көзү барда жакшы сөздөрдү айтып, сыйыңды көрсөтүп жетишип калыш керек. Айылды жашым улам өйдөлөгөн сайын сагына баштадым. Өскөн, туулган жерге тарта баштайт. Азыр колум бошой калса эле Нарынды көздөй жөнөйм. Ата-энем тирүү жүргөндөй сезип калам.

Айылдыктарга айтарым. Улуулар бизге таштап кеткен жакшы тарбияны, каада-салтты, адам болгула деген насааттарын унутпай, улантышыбыз керек. Эмнеден улам буларды айтып жатам. Дүнүйөгө азгырылып, баалуулуктарыбызды алмаштырып бараткандайбыз. Көр дүйнөдөн баш көтөрөлүчү дегим келет.

Айылга барсаң, колунда чиренген байлыгы деле жок, бирок пейили кенен, жупуну мүнөз туугандарым бир башкача сонун кабыл алышат. Ал эми байлык топтодум дегендер пейил күтүп карайт.

Жөнөкөй бойдон калгандар мага балалыгымды эстетет. Ошол керемет дүйнөгө жетелейт. Алар жадырап-жайнап эки чыны чайын берип, балпактап колунда баарын жаят. Ичиң жылыйт, дүйнө сага баягы-ыы бала кездей сонун көрүнөт.

Сөөгүмдү агарткан Жолдош

Быйыл айылга барып, маанайым ушундай бир семирип кайттым. Жолдун ары жагындагы Ормотой атамдын уулу, Жолдош аттуу айылдаш иним бар. Колунда малы бар, бирок бай эмес. Кокту өрдөп чыгып, бээ байлап кымыз сатат. Жолдон көрүп калып, жүгүрүп келип, аялы да жан-алы калбай, экөө тең "кымыз ичиңиз, дагы ичсеңиз" деп өнтөлөдү. Бала кезде ойногондорду эстеп, сыйлаарын айтып "жакын эле жердебиз, ары-бери өткөндө кымыз ичип туруңуз" дешти. Бул мамилеге ыраазы болуп, ааламды кучактагым келди. Болгону эки ооз сөз, бир ууртам кымыз. Анын күчү кандай керемет. Канат байлатат!

Андыктан, айылдаштарыма айтарым, бири-бириңерден бир ооз жылуу сөзүңөрдү аябай, анан да ата-энени бапестеп, элдин салтын унутпай улап кеткиле демекчимин. Азыр булардын баарынын өзөгүн кармап турган айыл. Сиздер аман болгула, сиздер бар болгула!

Саламым менен уулуңар, Мерген Турган.

Тема:
"Айылга кат" — адамдардын ички сезими, сагынычы, эскерүүсү (73)

Тема боюнча

Курмангазы Азыкбаевдин айылга каты. Нарынга качырган пахта, жымыйткан алгачкы сүйүү
Оштун мэри Айтмамат Кадырбаев айылга кат жазды. 4-класстагы ый, 10 см. узарган бой
Белгилер:
айылга кат, сагыныч, ата-эне, мектеп, бала, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ