Аңсакчы Жапаров: коңшуларым карышкыр, илбирс жана тоо текелери...

© Sputnik / Табылды КадырбековШамси коругунун аңсакчысы Эмил Жапаров
Шамси коругунун аңсакчысы Эмил Жапаров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коруктун жоюлушуна каршы туруп же жаныбарларды баатырларча коргогон аңсакчылар (егерь) жана токойчулар тууралуу Голливуд тасмалары эсиңиздеби? Иш жүзүндө алардын жумушу алдаканча татаал. Маселен, Шамси коругунда аңсакчылар күн сайын миңдеген гектар жерди кыдырып, эс алуучулардан калган таштандыны чыгарышат.

Маектешибиз Эмил Жапаров быйыл 50 жашка толот. Өмүрүнүн дээрлик жарымын Токмоктон түштүгүрөөк жайгашкан Шамси капчыгайында эмгектенүү менен өткөрүп келет. Ал деңиз деңгээлинен 2300 метр бийиктикте жайгашкан үйдө жашайт — бул Бишкектен бир жарым чакырымга бийик дегенди түшүндүрөт.

— Эмнеге дал ушул кесипти тандап алгансыз?

— Мектепти аяктаганда эле аңсакчы болгум келген. Адегенде улууларга көмөктөшүп жүрдүм, кийин өзүм ишке орноштум. Дайым мага табиятты талаптагыдай коргошпогондой туюла берчү, кайдыгер мамилени өзгөртүүнү чечкем. Анан да тоого чыкканды жактырам… Чынында жакшы өзгөрүүлөр болду, 20 жыл илгери бул жерде баары башкача эле.

— Сиз да, кесиптештериңиз да ишке баш-отуңуздар менен берилген экенсиздер. Бул жакка келе жатканда машинанын өткөн жолуна көз салып, кайсы жолду кеңейтүүнү чечкениңиздерди байкадым. Дарыяга жыгач көпүрө салыпсыздар. Жумушуңуздар оор көрүнөт?

— Күн сайын кыдырып чыгабыз. Ар бирибиздин өз аянттарыбыз бар. Корук жалпы 20 миң 466 гектар жерди ээлейт…

— Бул эбегейсиз аянт! Кантип үлгүрөсүздөр?

Дикие животные природного заповедника Сарычат-Ээрташ - Sputnik Кыргызстан
Аркардын козусунан тишин көрсөткөн суурга чейин. Ысык-Көлдүн жапайы жаныбарлары
— Айрым участокторду унаада, кээсин ат үстүндө, кай бир жерлерди жөө айланып чыгабыз. Убакыттын өтүшү менен көнүп каласың. Кыдырып жүрүп мүшөккө таштандыларды топтой кетебиз.

— Эс алуучулар таштандыны көп таштайбы?

— Мурда аябай көп ташташчу. Азыр алар менен сүйлөшүп, атайын баштык карматып, таштандыны өздөрү менен ала кетүүлөрүн өтүнгөнүбүз өз жыйынтыгын берди. Бирок кээде баары бир булгап кетишет. Ар бири өзүнө жегенге же ичкенге бир нерсе ала келет, таштанды чыгат. Колуна кармай түшпөсө, демек коруктагы эс алган жерине ыргыта баса бергени да.

— 2015-жылы мында мергенчилик кылууга тыюу салынып, кийин корукка айландырышкан эле. Мергенчилер көпкө көнө алышпай жүрүштүбү?

— Ооба, башта абдан кыйын болду. Өз жеринде аң уулай албагандыгы үчүн көпчүлүгү кыжырданышты. Бирок биз, жергиликтүү тургундар аңчыларга каршы туруу үчүн атайын коом да түзгөн жайыбыз бар.

© Sputnik / Табылды КадырбековШамси коругундагы аңсакчынын үйүнө чейин түшө элек жол менен 20 чакырым жолду басып өтүү керек. Мындай тоскоолдуктарды жолтандабастар гана тоготпошу мүмкүн
Шамси коругундагы аңсакчынын үйүнө чейин түшө элек жол менен 20 чакырым жолду басып өтүү керек. Мындай тоскоолдуктарды жолтандабастар гана тоготпошу мүмкүн - Sputnik Кыргызстан
1/5
Шамси коругундагы аңсакчынын үйүнө чейин түшө элек жол менен 20 чакырым жолду басып өтүү керек. Мындай тоскоолдуктарды жолтандабастар гана тоготпошу мүмкүн
© Sputnik / Табылды КадырбековАңсакчылар өздөрү жана эс алуучулар үчүн дарыя аркылуу өтчү көпүрө салган. Андан тышкары, унаалар үчүн да эки көпүрө курулган
Аңсакчылар өздөрү жана эс алуучулар үчүн дарыя аркылуу өтчү көпүрө салган. Андан тышкары, унаалар үчүн да эки көпүрө курулган - Sputnik Кыргызстан
2/5
Аңсакчылар өздөрү жана эс алуучулар үчүн дарыя аркылуу өтчү көпүрө салган. Андан тышкары, унаалар үчүн да эки көпүрө курулган
© Sputnik / Максат ЭлебесовКоруктун кооздугун бүт аянтты кыдырып жүрүп гана көрүүгө болот. Анүчүн суу кирбеген бут кийим кийип алган оң
Коруктун кооздугун бүт аянтты кыдырып жүрүп гана көрүүгө болот. Анүчүн суу кирбеген бут кийим кийип алган оң - Sputnik Кыргызстан
3/5
Коруктун кооздугун бүт аянтты кыдырып жүрүп гана көрүүгө болот. Анүчүн суу кирбеген бут кийим кийип алган оң
© Sputnik / Максат ЭлебесовКоруктун табиятына чындап эле кол тие элек — карып калган дарактар кулайт, башка өсүмдүктөр үчүн жер семиртилет
Коруктун табиятына чындап эле кол тие элек — карып калган дарактар кулайт, башка өсүмдүктөр үчүн жер семиртилет - Sputnik Кыргызстан
4/5
Коруктун табиятына чындап эле кол тие элек — карып калган дарактар кулайт, башка өсүмдүктөр үчүн жер семиртилет
© Sputnik / Максат ЭлебесовОңго бурулсаңыз Кегети капчыгайына жана Суусамырга чыгууга болот. Узак жол, бирок жете аласыз.
Оңго бурулсаңыз Кегети капчыгайына жана Суусамырга чыгууга болот. Узак жол, бирок жете аласыз. - Sputnik Кыргызстан
5/5
Оңго бурулсаңыз Кегети капчыгайына жана Суусамырга чыгууга болот. Узак жол, бирок жете аласыз.
1/5
Шамси коругундагы аңсакчынын үйүнө чейин түшө элек жол менен 20 чакырым жолду басып өтүү керек. Мындай тоскоолдуктарды жолтандабастар гана тоготпошу мүмкүн
2/5
Аңсакчылар өздөрү жана эс алуучулар үчүн дарыя аркылуу өтчү көпүрө салган. Андан тышкары, унаалар үчүн да эки көпүрө курулган
3/5
Коруктун кооздугун бүт аянтты кыдырып жүрүп гана көрүүгө болот. Анүчүн суу кирбеген бут кийим кийип алган оң
4/5
Коруктун табиятына чындап эле кол тие элек — карып калган дарактар кулайт, башка өсүмдүктөр үчүн жер семиртилет
5/5
Оңго бурулсаңыз Кегети капчыгайына жана Суусамырга чыгууга болот. Узак жол, бирок жете аласыз.

— Мында браконьерлер көп болсо керек?..

— Жок, дээрлик жок. Мурда көп болчу. Азыр аларга шарт катаал — очойгон айып пул салынат. Биз болсо дароо жеринде протокол түзүп, милицияга беребиз. Анан да бул жерде видео байкоо орнотулган.

— Билишибизче, аңсакчылардын маянасы аз. Жашыруун болбосо, айлык акыңыз канча?

— Бул биздин сыр.

— Макул, анда корукта кандай жаныбарлар байыр алганын айтып бериңизчи.

— Оголе көп! Ак илбирстер, тоо эчкилери, элик, каман, сүлөөсүн, карышкыр, кашкулак жана суурлар жашайт.

— Айбанаттар адамдарга кол салабы?

— Жок, андай учур кездеше элек. Малга тиет, бирок адамдарга кол салышпайт.

— Адамдар айбанаттаргачы?..

— Жок, андай боло элек. Эс алуучуларды жаныбарлардын тынчын албоого, от жакпоого жана көп ызы-чуу кылбоого чакырабыз.

— Үйүңүз абдан жайлуу экен. Ал эми күн батареялары заманбап жашоодон кабар берип турат.

— Башында анын баары жок болчу. Бир нече бөлмөлүү үй 1965-жылы курулган. Электр жарыгы жок болгондуктан шам чырак же фонарь менен отурчубуз. Күн батареялары жашоону кыйла жеңилдетти. Жакында оңдоп-түзөө иштерин баштайбыз. Ошондой эле далистеге даараткана менен жуунучу жай орнотуп, дагы бир бөлмөгө эмеректерди киргизебиз. Буга бизге эл аралык демөөрчүлөр көмөк көрсөтүшмөкчү. Бул жерде кадимки үйдөй эле шарттар бар.

© Sputnik / Табылды КадырбековАңсакчынын үйү 1965-жылы курулган. Бир жыл мурун жакшыртылган: далис кошулуп курулуп, күн батареялары орнотулган. Жакында даараткана менен жуунучу жайы пайда болот
Охрана Шамсинского заповедника - Sputnik Кыргызстан
Аңсакчынын үйү 1965-жылы курулган. Бир жыл мурун жакшыртылган: далис кошулуп курулуп, күн батареялары орнотулган. Жакында даараткана менен жуунучу жайы пайда болот

— Үйүңүздөгүлөр сизди аябай сагынышабы? Байкашыбызча, убактыңыздын көбү бул жерде өтөт экен.

— Бул жакка кеткен жолдогу айылда жашайм. Качан болбосун, машинага түшүп, чаап барып келе калам. Төрт уулум бар, улуусу ички иштер органдарында иштейт, экинчиси Бишкекте окуйт. Кенжелери мектепте. Аларга бул корук абдан жаккандыктан бат-бат келип, менин жолум менен кетүүнү да каалашат.

— Аларга ишиңиз туурасында эмнелерди айтып бересиз? Кандай учурлар жадыңызда калат?

Исследователь из Франции Пьер Перре (в центре) - Sputnik Кыргызстан
Француз окумуштуусу Пьер Перре: кыргыз илбирстери башкача... мени өзүнө тартып турат
— Жаныбарларга байланышкан нерселердин баарын айтып берем. Маселен, жакында эле машина менен баратып 50 метр нары жакта дайрадан ак илбирстин суу ичип жатканын көрдүм. Бул абдан сейрек, чанда болчу көрүнүш. Бүгүнкү учур да эң эсте калчу күн — себеби мынчалык көп адам буга чейин келген эмес.

— Эгер мектепти аяктап жатканыңызда башка кесип тандоону сунушташса, тандооңуз кайсыга оомок эле?

— Айта да албайм. Балким, токойчулук. Жок, мен тоолорду, жаныбарларды жактырам, балалыгым да тоолордо өттү. Ар күнү сейрек кездешчү айбанаттарды көрөм. Мага аңсакчылык көңүлүмө төп.

Жаңылыктар түрмөгү
0