Меккеде көчмө штабдын жыйыны өттү

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүПаломники в Мекке
Паломники в Мекке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл Кыргызстандан ажылык сапарга 4585 жаран барды

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Мекке жана Медина шаарларындагы ажылыкты уюштурууда зыяратчыларга кызмат кылуучу көчмө топтун жыйыны болуп өткөнүн муфтият билдирди.

Маалыматта ажыларды Мина, Арафат, Муздалифа өрөөндөрүнө көчүү, жайгаштыруу маселелери талкууланганы жазылат.

"Мындан тышкары, зыяратчылар үчүн ыңгайлуу автобустарды талап кылуу, палаткаларды бөлүштүрүү, ажыларга суу жана муздарды өз убагында жана жетиштүү деңгээлде жеткирүү сыяктуу маселелер ортого салынды", — деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, быйыл Кыргызстандан ажылык сапарга 4585 жаран барды.

Жаңылыктар түрмөгү
0