Индиянын эң сулуу айымы Бишкекке илбирстерди сактоо боюнча петиция алып келди

© Sputnik / Табылды КадырбековМеждународный форум по сохранению снежного барса и его экосистем в Бишкеке
Международный форум по сохранению снежного барса и его экосистем в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дия Мирза бул көйгөйгө көңүл бурган Леонардо Ди Каприого ыраазычылык билдирди

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Ак илбирстерди сактоо боюнча онлайн-петицияга 50 мамлекеттин жарандары кол койгон. Бул тууралуу Индиянын ак илбирстерди сактоо фондунун ыктыярдуу элчиси, Болливуддун жылдызы Дия Мирза билдирди.

Актриса жана "Индия сулуусу — 2000" сынагынын жеңүүчүсү ак илбирсти сактоо боюнча эл аралык форумда петицияны өткөрүп берүү укугуна ээ болгон. Ал жоголуп бара жаткан бул жандыктарга кайдыгер мамиле жасабаган адамдарга ыраазычылык билдирди.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАк илбирстерди сактоо боюнча онлайн-петицияга 50 мамлекеттин жарандары кол койгон.
Ак илбирстерди сактоо боюнча онлайн-петицияга 50 мамлекеттин жарандары кол койгон. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Ак илбирстерди сактоо боюнча онлайн-петицияга 50 мамлекеттин жарандары кол койгон.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАктриса жана "Индия сулуусу — 2000" сынагынын жеңүүчүсү ак илбирсти сактоо боюнча эл аралык форумда петицияны өткөрүп берүү укугуна ээ болгон.
Актриса жана Индия сулуусу — 2000 сынагынын жеңүүчүсү ак илбирсти сактоо боюнча эл аралык форумда петицияны өткөрүп берүү укугуна ээ болгон. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Актриса жана "Индия сулуусу — 2000" сынагынын жеңүүчүсү ак илбирсти сактоо боюнча эл аралык форумда петицияны өткөрүп берүү укугуна ээ болгон.
1/2
Ак илбирстерди сактоо боюнча онлайн-петицияга 50 мамлекеттин жарандары кол койгон.
2/2
Актриса жана "Индия сулуусу — 2000" сынагынын жеңүүчүсү ак илбирсти сактоо боюнча эл аралык форумда петицияны өткөрүп берүү укугуна ээ болгон.

"Өтүп жаткан эл аралык форум өтө маанилүү. Анын алкагында жоголуп бара жаткан ак илбирсти сактоо боюнча бир консенсуска келишибиз керек. Бизди дүйнө жүзү колдоп жатат, буга 50 мамлекеттен чогулган петиция далил боло алат. Эми биз мойнубузга жүктөлгөн жоопкерчиликти түшүнүп, сезе билишибиз керек", — деди Дия Мирза.

Болливуд жылдызы коомчулукту петицияга кол коюуга чакырык жасаган Леонардо Ди Каприого ыраазычылык билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0