Атамбаев жаңы дайындала турган өкмөткө ак илбирс боюнча кайрылуу жасады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМеждународный форум по сохранению снежного барса и его экосистем
Международный форум по сохранению снежного барса и его экосистем - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ак илбирстерди сактоо боюнча эл аралык форумга 12 мамлекеттин өкүлдөрү катышат

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Жаңы өкмөт Кыргызстанды 2040-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясына ак илбирстин эко-системасын сактоо долбоорун киргизиши керек. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев ак илбирсти сактоо боюнча эл аралык форумда билдирди.

Аталган иш-чара Бишкекте 24-25-август күндөрү өтүп жатат. Ага сейрек кездешкен жаныбарлар байырлаган 12 мамлекеттин өкүлдөрү катышууда.

"Жакында дайындала турган өкмөт башчыга кайрылгым келет. Учурда 2040-жылга чейинки өнүгүү стратегиясы иштелип жатат. 40-жылы Улуу Кыргыз Каганатынын 1200 жылдыгы майрамдалат. Кыргыз каганатынын биринчи башчысынын аты Барсбек болгону да жакшы белги. Буга байланыштуу программага ак илбирстин эко-системасын киргизүү туура болот. Биздин урпактар ак илбирсти музейден гана көрүп калбашы керек", — деди Атамбаев.

Ошондой эле мамлекет башчы форумдун катышуучуларын Глобалдык экологиялык фонд колдой турган ак илбирсти сактоо боюнча өлкөлөр аралык мультидолбоорду ишке ашырууга чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0