Майрамдарга карата милиция күчөтүлгөн тартипке өтүп, айрым көчөлөр жабылат

© Sputnik / Табылды КадырбековКонноспортивные состязания на ипподроме в Чолпон-Ате
Конноспортивные состязания на ипподроме в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
31-август күнү Эгемендүүлүк майрамы белгиленсе, эртеси 1-сентябрда Курман айт болот. Мындан тышкары, жаңы окуу жылы башталып, Билим күнү өтөт.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Алдыдагы Эгемендүүлүк күнү жана Курман айтка карата милиция кызматкерлери 29-августтан тарта күчөтүлгөн тартипке өтүп, борбор калаадагы айрым көчөлөр жабыла турганын шаардык ИИБ билдиди.

Маалыматта коомдук тартипти бул күндөрү 2200 милиционер көзөмөлдөөрү айтылган.

"Чүй проспектиси Тоголок Молдо көчөсүнөн Тыныстанов көчөсүнө чейин, ошондой эле Тоголок Молдо, Логвиненко жана Эркиндик бульвары Чүй проспектисинен Киев көчөсүнө чейин жабык болот", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, "Ала-Тоо" аянтына кире бериш жерде көзөмөл пунктулары уюштурулуп, адамдар тинтүүгө алынат.

Милиция шектүү нерселерди байкагандар болсо дароо 102 номери аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0