Жалал-Абаддын жаштары шайлоодо добуш сатууга каршы акция өткөрүштү

© Sputnik / Табылды КадырбековГолосование на выборах в местные кенеши и референдум в Бишкеке
Голосование на выборах в местные кенеши и референдум в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чарага катышкан жаштар арасында юристтер, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана активисттер бар

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Жалал-Абаддын активист жаштары шайлоо маалында добуш сатууга каршы акция өткөрүштү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга уюштуруучулардын бири Келдибек Жээнбеков билдирди. 

© © SputnikАкцию против продажи голосов в Джалал-Абаде
Акцию против продажи голосов в Джалал-Абаде - Sputnik Кыргызстан
Акцию против продажи голосов в Джалал-Абаде

Маалыматка ылайык, иш-чарага катышкан жаштар арасында юристтер, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана активисттер бар.

"Бүгүн алгачкы ирет чогулуп, акция өткөрдүк. Буюрса катарыбызды калыңдатып, көптөгөн иш-чараларды уюштурууну пландап жатабыз. Шайлоодо добушту сатпоого үндөгөн акциялар уланат", — деди Жээнбеков.

Анын айтымында, жаштар биригип, бийликке сын айтуунун ордуна маселенин чечүү жолдорун сунушташат.

Жаңылыктар түрмөгү
0