Авиакырсыктан аман калган Байыш: түтүн каптады, муунуп баратып баары бүттү дедим...

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOАвиакатастрофа Boeing 737 недалеко от аэропорта "Манас" 24 августа 2008 года
Авиакатастрофа Boeing 737 недалеко от аэропорта Манас 24 августа 2008 года - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Байыш Адиевдин күйүп жаткан учактын ичинде деми кысылып баратты. Өрт чалган каалганы эч ким сындыра алган жок. Каргыш тийгир тутканы стюардесса кармай калды эле, күйүп калган колун көргөндө аң-таң боло артка чегинди.

Туура тогуз жыл мурун, 2008-жылдын 24-августунда, Бишкекте учактын кыйрашы тууралуу үрөй учурган кабар бүт өлкөнү сестендирген. Учакта 90 жүргүнчү бар эле.

Боинг-737 учагынын шассиси "Манас" аэропортунун тилкесинен 20.30да көтөрүлгөн, ал эми 13 мүнөттөн соң жерге түшкөн учактын тулкусу өрттөнө баштаган. Ичинде аман калгандар иске ууланып, ызы-чуу түшкөн…

© Sputnik / Жоомарт УраимовБайыш Адиев кырсык болоор алдында түш көргөнүн, анда эгизи экөө тең өлүп калганын айтып берди
Байыш Адиев, один из выживших в авиакатастрофе Boeing 737 недалеко от аэропорта Манас 24 августа 2008 года - Sputnik Кыргызстан
Байыш Адиев кырсык болоор алдында түш көргөнүн, анда эгизи экөө тең өлүп калганын айтып берди

Байыш Адиев – бул каргашаны баштан кечирип, тирүү калган 25 таалайлуунун бири. Агезде Байыш 15 жашта болчу. Анын баянын Sputnik Кыргызстандын кабарчысы Асел Минбаева жазып алды.

…Эгизим менен баскетболчулар тобуна капысынан кирип калганбыз. Классташтарыбыз сабакка кечигип, бирок эч кандай жаза албагандарын байкадык, алар машыгууда болгондорун айтса, мугалимдер кечирип койчу. Бул биздин да көңүлүбүзгө уюй түштү.

Мектептин тушунда төрт баскетбол аянтчасы бар эле. Көрсө бойдун узундугу жакшы ойноо үчүн жетишсиздик кылат экен. Эгизим экөөбүздү бул нерсе намыстантып, тырышып ойной баштадык. Ошентип кызыгып кеттик.

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOУчакта бардыгы болуп 83 жүргүнчү жана экипаждын 7 мүчөсү бар эле. Каргаша 65 адамдын өмүрүн алып кетти
Авиакатастрофа самолета Боинг-737-200 в районе аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Учакта бардыгы болуп 83 жүргүнчү жана экипаждын 7 мүчөсү бар эле. Каргаша 65 адамдын өмүрүн алып кетти

№29 мектептин курама тобуна эч ким тең келе албайт эле. Мелдештердин бардыгында биринчи орунду багындырып жаттык. Азия чемпионатына Тегеранга ким барат деген маселе чыкканда, сынаксыз эле биздин топту тандашты. Балдардын кубанычында чек жок болду!

Даярдык өз нугунда өтүп жаткан. Так учаар алдында бир оюнчу тизесин оорутуп алып, бара албай калды. Башка баскетболчуну да күтүүсүз алмаштырышты. Учакка отурбай калгандардын көңүлү аябай чөккөн.

© Sputnik / Владимир Воронин / Медиабанкка өтүүУчак болгону 13 мүнөт гана учкан. Кабинанын герметизациясына доо кеткендиктен учкучтар ыкчам конуу чечимин кабыл алышкан
Авиакатастрофа самолета Боинг-737-200 в районе аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Учак болгону 13 мүнөт гана учкан. Кабинанын герметизациясына доо кеткендиктен учкучтар ыкчам конуу чечимин кабыл алышкан

Менде эч кандай түпөйүл сезимдер болгон эмес. Бирок кырсыктан мурун бир түш көргөм, түшүмдө биздин баскетболдук топ согуш талаасында экен. Аман калууга жан үрөмөй, эки досум каза табат, агам жарадар. Түгөйүм Жанышсыз кетпейм дедим, анан экөөбүз да каза табат экенбиз… Кийин гана ал түш тегин жерден кирбегенин түшүндүм.

Элдияр Токтошев жана Манас Мамакеев маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Радио
Куткаруучулар Элдияр жана Манас: аялдын кыйкырганын укканда дароо чуркап бардык
Ошондо учактын тышкы көрүнүшү бизди абдан чочулаткан. Трапта чыгып баратып, досторума "Кудайга тобоо, биз эмне менен учуп баратабыз?!" деген элем. Бирок ага күлүп эле тим болуп, ичине кирип, орун алганбыз.

Бизге ортоңку орундар тийген, бирок биз командабыз менен арка тарапка отурууну чечкенбиз. Башка жүргүнчүлөр да окшош формаларыбызды көрүп, орун алмашууга көнүшкөн.

Мен терезеге жакын, агам Жаныш ортодо, ал эми биздин жакын досубуз четке отурган. Эмил биринчи жолу учуп жатканы үчүн терезеден баарын көрүп барууга орун алмашууну өтүнүп, ага ордумду бошотуп бергем. Ошентип чыга турган тарапка жакын отургам.

Ошондо дагы бир досубуз Абдурахман артка отурганын көрүп, эң акыркы катарга анын жанына барып алгам.

© Sputnik / Жоомарт УраимовБайыш Адиев учаар алдында бир нече жолу ордун которгон. Аман калышына ушул да себеп болуптур
Байыш Адиев, один из выживших в авиакатастрофе Boeing 737 недалеко от аэропорта Манас 24 августа 2008 года - Sputnik Кыргызстан
Байыш Адиев учаар алдында бир нече жолу ордун которгон. Аман калышына ушул да себеп болуптур

Учактын жаңы от алып, учуп чыккан маалын абдан жактырар элем, бирок ошондо башкача болду. Кубаттуулугу жетпей жаткандай. Адаттагыдай кулакка таккычты тагып, музыка угуп, уктап барайын деп жаткам. Бирок эч нерсе уга албай койдум, кулагым чуулдап эле туна түшкөндөй болду. Стюардесса жаныбыздан өтүп бараткан. Баарыбызга жылмая бел курду курчануубузду өтүндү. Көз карашынан эле анын кабатырланганын туйдум. Арттагы өз орунтугуна жеткенде жанталаша отуруп, калтырай курчанды. Абал жаман экенине көзүм толук жетти.

Стюардесса авиакомпании Эйр Манас Назгуль Байжанова - Sputnik Кыргызстан
Стюардесса: учак кулап баратканда кыйналбай өлсөм экен деп тиледим
Коопсуздук боюнча авиакомпаниялардын көрсөтмөлөрүндөгү сүрөттөрдү эстеп, дал ошондой болуп бүктөлө коркунучтуу бир нерсени күтүп отурдум. Кулаарга секунд калганда учак кыйрарын сезгем. Башымда бир эле ой: эмнеге биз? Биз эмне күнөө кылдык?

Көз ачып жумганча… учак кулады! Ыргып кеттим, бирок бел кур мени сактап, жабыркаган жокмун. Учактын ортосундагы орундуктар түбү менен ыргып, баары бири-биринин үстүндө жатты. Төмөндөн жогору карай өрт көтөрүлдү.

Жүзүмдү, колдорумду жалын жалмады. 10 секундага жарык да өчүп, жымжырттык өкүм сүрдү. Эмнегедир ошол ирмемдер болуп көрбөгөндөй тынч болду… Анан ый-кыйкырык башталды. Жанымдагы Абдурахманды да карабай, ордумдан атып тура артка, каалга тарапка жулундум.

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKO№29 мектептин окуучулары достору менен түбөлүккө коштошуп жатышат. Баскетбол командасынын мүчөлөрү ал убакта болгону 15-16 жашта эле...
Авиакатастрофа самолета Боинг-737-200 в районе аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
№29 мектептин окуучулары достору менен түбөлүккө коштошуп жатышат. Баскетбол командасынын мүчөлөрү ал убакта болгону 15-16 жашта эле...

Башка жүргүнчүлөр да чыга турган тарапка чуркады. Түртүшмөй башталды. Тебелеп кетишпесин деп, тизем менен чыканагымды тиредим. Бир канча киши буту менен каалганы тепкилей баштады, бирок анын ачылып-жабылышын жөнгө салган шаймандары эрип кетип, эшик ачылбай жатты. Стюардесса келип, ал да каалганы ачууга тырышты, бирок аз өтпөй колдору аябай күйүп калганын көрдү.

Жалган сүйлөбөйм, ошол маалда эч ким тууралуу ойлободум. Болгону жашагым гана келди! Абам мага Аравиядан теспе алып келип берген, аны кармалай, Кудайдан мени аман алып калуусун тиленип жаттым.

Күтүүсүздөн эле салонду бопбоз, муунткан түтүн каптады. Эки-үч ирет дем алган соң, башым тегерене баштады. Футболкам менен башымды калкалап жаттым, бирок жалын жалбырттаган "консерва кутусунда" аба түгөнүп баратты. Баары бүттү деген ой басты. Футболкамды түшүрүп, ошол уулуу, бопбоз түтүндөн дем алууга даярдана баштагам.

…Дал ошол маалда жүзүмдү таза аба сылай түштү. Кимдир-бирөө эшикти ачыптыр, элестетсеңиз?! Ошондо өмүрүмдү сактап калуу керектигин түшүндүм. Адамдар учактан секирип, жөтөлүп, ага карабай бири-бирине жардам берип жатышты.

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOБайыштын айтымында, өспүрүмдөр Тегеранга жеңишке бара жатышкан. Балдар бул таймашка бир жылдай машыгып даярдык көрүшкөн
Авиакатастрофа самолета Боинг-737-200 в районе аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Байыштын айтымында, өспүрүмдөр Тегеранга жеңишке бара жатышкан. Балдар бул таймашка бир жылдай машыгып даярдык көрүшкөн

Бутум жерди баскан маалда агам оюма түштү. Өзүмдү жоготуп, кайра күйүп жаткан учакка бет алдым. Мага Марат досум да кошулду. Жөрмөлөп түшүп баратканын көрүп, түгөйүмдү алып чыктык. Анын аркасынан Эсен жылып келатты, анын терисинин 65 пайызы күйүп калган экен…

Крушение самолета Boeing-747 в Дача-Суу - Sputnik Кыргызстан
Көчөдөн көргөндөрдү ата-энесине окшоштуруп... Дачадагы Жакшылык менен Султандын абалы
Ал убакта байланыш акысы абдан кымбат эле — мүнөтү үч сом. Бактыга жараша, ата-энеме кабар берүүгө акчам жетти. Ата-энебиз кырсык болгон жерге бир саатта жетип келишти. Биз шаарга жөнөдүк, алдыбыздан Тез жардам тосуп алды.

Адегенде, Эсен экөөбүз бир палатада жаттык. Алгачкы үч күн дээрлик эсимде жок, улам асма укол коюп жатышкан. Эсенге абдан жаман болду. Анын көңүлүн көтөрүүгө аракет кылып, баары жакшы болорун айтып, бекем карманышын суранып жаттым. Бирок 65 пайыз күйүк…

Аны Россияга которушту, бирок жашап кете албады. Терезеге жакын отургусу келген Эмил досум да набыт болду. Жанымда отурган сапарлашым Абдурахман да… Ага эмне болгонун, кантип каза тапканын билбейм. Өз ордумдан атып турганда, кантип аман калуунун гана жолун ойлогом да…

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOУчактын эшиги ачылбай, эл күйүп жаткан кемеден чыга албай калган. Көбү тирүүлөй өрттөнүп кеткени айтылып келет
Авиакатастрофа Boeing 737 недалеко от аэропорта Манас 24 августа 2008 года - Sputnik Кыргызстан
Учактын эшиги ачылбай, эл күйүп жаткан кемеден чыга албай калган. Көбү тирүүлөй өрттөнүп кеткени айтылып келет

Өз досторумдун жаназасына катыштым. Абдан оор болду, бирок аларды акыркы сапарга узатпай да кое алмак эмесмин. Алар азыр да түшүмө кирет… Апам атамдын да ыйлаганын айтып берген. Бирок өзүм көргөн эмесмин. Кырсыктан эки жыл өткөндөн кийин атамдын жүрөгү кармап каза болду. Менимче, ошол кырсык аны алсыратып кетти көрүнөт.

Куткаруу кызматынын жетекчиси Артур Эрназаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Куткаруучу: аялдын үзүлүп калган бутун көрүп өзүбүздү жоготуп койдук
Болбосо, ал көптү көргөн: Афганистандагы согушка катышкан, экипаж толук каза тапканда күйүп жаткан танктан чыгып, аман калган. Бирок булардын баары ал үчүн кандай болгонун эч баян салган эмес. Көп кеп да кылчу эмес.

Агам экөөбүз баскетболду таштаган жокпуз, азыр "Алга" тобунда ойнойбуз. Агам да, мен да үйлөндүк, эгизимдин эки жашар уулу бар. Ошондой эле №5 ЖАБда иштейм. Мамлекеттик кызмат мага төп келет, анткени кыялымды орундатууга жол ачат. Кыялым — Кыргызстанды дагы жакшыртуу…

Иликтөөлөр кырсыкка экипаждын катачылыгы себепкер экендигин аныктаган. Учактын командири Юрий Гончаров жана экинчи учкуч Тимофей Водолагин беш жылга эркинен ажыратылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0