Салык органдары ушул ишемби күнү иштемей болду

© Sputnik / Иван Макеев / Медиабанкка өтүүАвтоунаалар. Архив
Автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1-сентябрына чейин унаа салыгын, 2-сентябрга чейин турак үй, батирлер жана жер салыгын төлөө зарыл

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы жергиликтүү салыктарды жөнгө салуу максатында 26-августту иш күнү деп жарыялап, аймактык салык органдарынын кызматкерлеринин нөөмөтүн уюштурду. Тиешелүү буйрукка төрага Октябрь Абдыкаимов кол койгонун мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Мындай чечим унаа, жер салыгын төлөө учуру майрам күндөргө туш келгенин эске алуу менен кабыл алынды.

Турак үйлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Турак жайыңызга канча салык төлөшүңүз керек. Калькулятор
Кабыл алуу бардык салык органдарында эртең мененки саат 9:00дөн 17:00гө чейин жүрөт.

МСК унаа каражаттарынын, турак жай мүлкүнүн жана жер үлүшүнүн ээлерин унаага, турак-жай жана жер салыгын ишемби күнү төлөө мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланууга чакырат. Жарандар салыктарды банк кассаларына, төлөм терминалдары, мобилдик жана интернет банкинг аркылуу төлөй алышат.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрына чейин унаа салыгын, 2-сентябрга чейин турак үйлөргө, батир жана жер салыгын төлөө зарыл.

Салыкты өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн 2 миң сом өлчөмүндө административдик айып каралган. Мындан тышкары, мөөнөтү өтүп кеткен салык төлөмүнүн ар бир күнү үчүн туум кошуп эсептелет.

Жаңылыктар түрмөгү
0