Бишкектин бир катар бөлүгү жарыксыз калат. Тизме

© Sputnik / Табылды КадырбековНовые тарифы на электроэнергию в КР введут с 1 августа
Новые тарифы на электроэнергию в КР введут с 1 августа - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атайын бригада электр өткөрүү линияларына оңдоо иштерин жүргүзөт

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Шаршемби күнү, 23-августта Бишкектин бир катар аймактарында электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынан кабарлашты.

Токтогул суу сактагычы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан электр энергиясын экспорттой баштады. Кышында сызга отурбайбызбы?
Билдирүүгө ылайык, "Кара-Жыгач", "Ак-Тилек-2", "Келечек" (9, 14 көчөлөрү) конуштары менен Аламүдүн-1 (№72-74, 77-79) кичи районунда. Профсоюзная, Бородина, Месароша, Ильменская, Фучик, Троицкая, Кайназарова көчөлөрүндө жана Чоң-Арык айылында (Кожобергенов көчөсү), ошондой эле Каарман жана Алтай кыска көчөлөрүнө саат 9.00дөн 17.00гө чейин жарык берилбейт.

Ал эми саат 9.00дөн 19.00гө чейин "Красный строитель" конушунда (Берлик, Наманган, Адыр көчөлөрү), Таш-Көмүр көчөсү (№6 үй) менен 7-кичи райондун бир бөлүгү жарыксыз калат.

Ошондой эле 13.00дөн 18.00гө чейин Абдыкадыров, Осмонкул жана Кирпичная көчөлөрү караңгыда калат.

Жаңылыктар түрмөгү
0