ТОП-5. Аты-жөнү окшош белгилүү кыргызстандыктар

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOПразднование дня государственного флага Кыргызстана
Празднование дня государственного флага Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Интернет айдыңында айтылуу төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин аты-фамилиясына окшош дагы бир акын Элмирбек Иманалиев пайда болду. Бул, албетте, көпчүлүктүн бүйүрүн кызытты.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги аты-жөнү оппокшош, коомго таанымал адамдарды тизмектеп көрдү.

1. Саясатчы жана ырчы Иса Өмүркуловдор

© Sputnik / Табылды КадырбековСаясатчы Иса Өмүркулов
Депутат Иса Омуркулов - Sputnik Кыргызстан
Саясатчы Иса Өмүркулов
Саясатчы Иса Өмүркулов Бишкек шаарынын мурдагы мэри. 2015-жылы КСДП тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган. Ал ырчы Иса Өмүркуловду биринчи жолу тойдо ырдап жатканда көрүп, таанышканын айтты.

Депутат 1957-жылы 12-мартта Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Тоолуу Маевка айылында туулган. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЭстрада ырчысы Иса Өмүркулов
Концерт мировых звезд на площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Эстрада ырчысы Иса Өмүркулов

Эстрада ырчысы Иса Өмүркулов — кыргыз шоу-бизнесинин жаш мууну. Иса деген ысымды таенеси коомдук ишмер Адахан Мадумаровдун атасы, үй-бүлөлүк катышы бар Кимсанбай ажынын сунушу менен ыйгарган. 2006-жылы ырчы депутат Иса Өмүркулов менен тойдон көрүшүп, бири-биринин үй-бүлөлөрү менен таанышканын айтып берди. Ырчы азыркыга чейин жакшы мамиледе экенин жана кеңеш алып турарын жашырган жок.

Ырчы 1995-жылы 25-июнда Чүй облусунун Сары-Булак айылында төрөлгөн.

2. Журналист жана машыктыруучу Айбек Мусаевдер

Акыркы жылдары Россияда мелдештерге катышып, байгелүү орундарды алып жаткан мушкерлерибиз көбөйдү. Алардын көбү "Жаш-Күч" спорттук клубунун спортчулары. Аталган клубга Айбек Мусаев президент. Анын айтымында, адашы, журналист Айбек Мусаев тууралуу жакында эле интернеттен көрүп, таң калып койгон. 

© Sputnik / Табылды КадырбековМашыктыруучу Мусаев
Тренер клуба Жаш-Куч Айбек Мусаев - Sputnik Кыргызстан
Машыктыруучу Мусаев

Машыктыруучу Мусаев 1983-жылы Баткен облусундагы Кызыл-Кыя шаарында туулган. 

© Sputnik / предоставлено Айбеком МусаевымЖурналист Айбек Мусаев
Журналист Айбек Мусаев - Sputnik Кыргызстан
Журналист Айбек Мусаев

Журналист Айбек Мусаев ЭлТР каналынын башкы директору. Ал адашы, машыктыруучу Мусаев тууралуу буга чейин маалыматы болгон эместигин айтты. Журналист Мусаев 1971-жылы 10-январда Нарын шаарында туулган.

3. Депутат жана журналист Эркин Алымбековдор

© Фото / пресс-служба ЖК КР / Ашыркул ОморовСаясатчы Эркин Алымбеков
Депутат Жогорку Кенеша V созыва Эркин Алымбеков - Sputnik Кыргызстан
Саясатчы Эркин Алымбеков
Саясатчы Эркин Алымбеков 2010-2014-жылдары Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты. ЖКнын Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетин жетектеген. Былтыр Ысык-Көлдөгү үйүнөн дүйнө салган. 1961-жылы 5-ноябрда Ысык-Көл облусуна караштуу Ак- Суу районунун Жаңы-Арык айылында төрөлгөн. 
© Sputnik / Табылды КадырбековЖурналист Эркин Алымбеков
Корреспондент ИА Sputnik Кыргызстан Эркин Алымбеков - Sputnik Кыргызстан
Журналист Эркин Алымбеков

Журналист Эркин Алымбеков бир канча жалпыга маалымдоо каражаттарында эмгектенген. 2015-жылдан тарта Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун журналисти. Ушул жылдын июль айынан тарта редакциянын шеф-редактору болуп дайындалган.

Аномальная жара в Южной Калифорнии - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык атактуулар жамбаштап жатып таасир алган китептер
Ал адашы Эркин Алымбеков менен кантип таанышканын төмөнкүчө айтып берди. "2011-жылы радиодо ди-джей болуп иштеген таанышым Жаныбек Айдаралиев киши колдуу болду. Ал жөн гана таксистке болушайын дегенде балдар сабап өлтүрүп коюшту. Кылмышка шектүү депутаттын жардамчысы болгондуктан, жоопкерчиликтен качабы деп ишти жөн койгум келген жок. Анан Жогорку Кеңештин алдында чакан митинг уюштургам. Жалпыга маалымдоо каражаттары "Эркин Алымбеков кылмышкер аркылуу бийликти өзүнө көңүл бурдурткусу келди" деп жазышкан. Кесиптештериме ошол кездеги депутат Эркин Алымбеков чалып, эч кандай митингге чыкпагандыгын билдирген. Журналисттер кеп башка Эркин Алымбеков тууралуу болуп жатканын айтышканда, мен жөнүндө билиптир. Ошол окуядан кийин ал киши менен жолугуштук. Алымбеков мага интеллигент, билимдүү жана жагымдуу киши туюлду" — деди Алымбеков.

Журналист 1984-жылы Бишкек шаарында туулган.

4. Бири алп, бири кичи төкмө акын Элмирбек Иманалиевдер

© Фото / из личного архива Элмирбека ИманалиеваЭл артисти, айтылуу ак таңдай акын Элмирбек Иманалиев
Интервью с акыном Элмирбеком Иманалиевым - Sputnik Кыргызстан
Эл артисти, айтылуу ак таңдай акын Элмирбек Иманалиев
КР Эл артисти, айтылуу ак таңдай акын Элмирбек Иманалиев узун элдин учугуна илинген залкар киши. 1993-жылдан тарта төкмө акындардын республикалык, эл аралык конкурстарына, фестивалдарына катышып келет.

Иманалиев 1978-жылы Токтогулдун Өзгөрүш айылында туулган. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовТөкмө акын Элмирбек Иманалиев
Акын Элмирбек Иманалиев - Sputnik Кыргызстан
Төкмө акын Элмирбек Иманалиев

Ал эми кичинекей Элмирбек Иманалиев төкмөлүккө көңүл койгон жаштардын бири. Ата-энеси улуу акын Элмирбек Иманалиевдин талантына таасирленип, атайын Элмирбек деген ысымды коюшкан. Баланын атасынын чоң атасынын аты Иманаалы.

Модель Айсулуу Молдалиева и актриса Мээрим Атантаева - Sputnik Кыргызстан
Нукура жүз: кыргызга таанымал кыз-келиндердин боёксуз жүзү сүрөттө
2013-жылы Иманалиевдин "Сахнада 20 жыл" аталышындагы концерти бүткөндөн кийин кичинекей Элмирбекти апасы чоң акынга тааныштырууга алып барган. Акын адашы тууралуу укканда абдан кубанган. Бирок эл гүл берип жатып жакшы тааныша албай калышкан. Кийин апасы интернеттен акын Азамат Болгонбаев аркылуу Иманалиевдин номерин таап уулун жолуктурган.

Учурда кичинекей Элмирбек Иманалиев "Айтыш" коомдук фондуна мүчөлүккө алынып, акындык айтыштарга чыгып келет. 2003-жылы 11-августта Бишкек шаарында төрөлгөн. №68 гимназиянын 8-классынын окуучусу.

5. Спортчу жана саясатчы Каныбек Осмоналиевдер

© Фото / Пресс-служба ЖК КРКоомдук ишмер Каныбек Осмоналиев
Депутат фракции Ар-Намыс, Каныбек Осмоналиев - Sputnik Кыргызстан
Коомдук ишмер Каныбек Осмоналиев
Коомдук ишмер Каныбек Осмоналиев Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты болгон. Физика-математика илимдеринин доктору 1956-жылы 21-январда Ош облусундагы Алай районунун Гүлчө айылында туулган.

Ал эми оор атлетика боюнча дүйнө чемпиону Каныбек Осмоналиев кыргыз спортунун өчпөс жылдызы. Ал адашы Осмоналиев менен жолуккандыгы тууралуу "илгери Чүй университетинин ректору Султан Мамбеткалиев сенин аты-жөнүңө окшош таанымал адам бар" деп калды. "Каныбек байке (адашы — ред.) ошол кезде бир окуу жайдын ректору экен. Кийинчерээк жолугушуп, жакшылыктарда чогуу жүрдүк. Мен ал адамдын кичипейилдигин, адамгерчилигин баалайм. Учурда мамилебиз жакшы. Бизди көп учурда адаштырып алышат. Өзгөчө адашым депутат болуп жүргөндө кат, билдирүүлөр мага түшүп калып, жардам сурагандар болгон", — деп айтып берди Осмоналиев. 

© Sputnik / Данияр СандыбаевОор атлетчи Каныбек Осмоналиев
Кыргызсткий и советский тяжелоатлет, чемпион Олимпийских игр 1980 года Каныбек Осмоналиев - Sputnik Кыргызстан
Оор атлетчи Каныбек Осмоналиев

Каныбек Осмоналиев 1980-жылы Москвада өткөн олимпиаданын алтын медалынын ээси, оор атлетика боюнча дүйнөнүн 4, Европанын 2 жолку чемпиону. 1953-жылы 19-январда Чүй облусундагы Кемин районунда туулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0