Шайлоочулар биометрикалык маалыматын 30-сентябрга чейин тапшыра алат

© Sputnik / Табылды КадырбековБиометрикалык маалыматтарды чогултуу. Архив
Биометрикалык маалыматтарды чогултуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда өлкө боюнча 2 миллион 914 миң 588 жаран шайлоого катыша алары аныкталды

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Кыргызстандын жарандары 30-сентябрга чейин биометрикалык маалыматтарын тапшырып, шайлоого катыша алат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады.

Выборы президента в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Шайлоодо ким канча табат? Саясий технологдордон ырчы-чоорчуларга чейин
Билдирүүгө ылайык, буга чейин биометрикалык маалыматтарын тапшырбаган шайлоочулар жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен калкты тейлөө борборлорунан каттоодон өтө алат.

Андан сырткары, эгер жаран каттоодо турган шаардан же айылдан башка жерде жайгашкан шайлоо участогунда добуш бергиси келсе, 30-сентябрга чейин шайлоо участогунун комиссиясына кайрыла алат.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, август айынын башында өлкө боюнча 18 жашка чыккан жана биометрикалык маалыматтарын тапшыргандардын саны 2 миллион 914 миң 588ге жетти. 

Жаңылыктар түрмөгү
0