Чаткалда үй-жайы өрттөнүп кеткен 8 бүлөгө жардам көрсөтүлдү

© Фото / МЧС КРЧаткал районунун Терек-Сай айылында сегиз батирлүү үй өрттөнүп, турак-жайсыз калгандарга жардам көрсөтүлдү
Чаткал районунун Терек-Сай айылында сегиз батирлүү үй өрттөнүп, турак-жайсыз калгандарга жардам көрсөтүлдү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушу тапта жабыркаган үй-бүлөлөр чатырларда баш пааналап жатышат

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Чаткал районунун Терек-Сай айылында сегиз батирлүү үй өрттөнүп, турак-жайсыз калгандарга жардам көрсөтүлгөнүн ӨКМ билдирди.

© Фото / МЧС КРЧаткал районунун Терек-Сай айылында сегиз батирлүү үй өрттөнүп, турак-жайсыз калгандарга жардам көрсөтүлгөнүн ӨКМ билдирди
Чаткал районунун Терек-Сай айылында сегиз батирлүү үй өрттөнүп, турак-жайсыз калгандарга жардам көрсөтүлгөнүн ӨКМ билдирди - Sputnik Кыргызстан
1/3
Чаткал районунун Терек-Сай айылында сегиз батирлүү үй өрттөнүп, турак-жайсыз калгандарга жардам көрсөтүлгөнүн ӨКМ билдирди
© Фото / МЧС КРҮй-жайсыз калгандар туугандарыныкына, коңшуларыныкына, айрымдары боз үйлөргө жайгаштырылып, ар бир үй-бүлөгө 20 миң сомдон акча берилген
Үй-жайсыз калгандар туугандарыныкына, коңшуларыныкына, айрымдары боз үйлөргө жайгаштырылып, ар бир үй-бүлөгө 20 миң сомдон акча берилген - Sputnik Кыргызстан
2/3
Үй-жайсыз калгандар туугандарыныкына, коңшуларыныкына, айрымдары боз үйлөргө жайгаштырылып, ар бир үй-бүлөгө 20 миң сомдон акча берилген
© Фото / МЧС КРУшу тапта жабыркаган үй-бүлөлөр чатырларда баш пааналап жатышат.
Ушу тапта жабыркаган үй-бүлөлөр чатырларда баш пааналап жатышат. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Ушу тапта жабыркаган үй-бүлөлөр чатырларда баш пааналап жатышат.
1/3
Чаткал районунун Терек-Сай айылында сегиз батирлүү үй өрттөнүп, турак-жайсыз калгандарга жардам көрсөтүлгөнүн ӨКМ билдирди
2/3
Үй-жайсыз калгандар туугандарыныкына, коңшуларыныкына, айрымдары боз үйлөргө жайгаштырылып, ар бир үй-бүлөгө 20 миң сомдон акча берилген
3/3
Ушу тапта жабыркаган үй-бүлөлөр чатырларда баш пааналап жатышат.

Эскерте кетсек, кырсык 18-августта түнкү саат 01.30дар чамасында болгон. Эшаалы Болуш көчөсүндө фин тибинде курулган турак жайдан өрт чыгып, турак жай менен "Ваз-3110" үлгүсүндөгү унаа күйүп кеткен. Өрт жалмаган жердин аянты 675 чарчы метрди түздү. Тилсиз жоодон жашоочулар жабыркаган эмес. Ошол эле күнү техниканын жардамы менен өрттөнгөн турак жайдын ордун тазалоо иштери жүргүзүлгөн.

Үй-жайсыз калгандар туугандарыныкына, коңшуларыныкына, айрымдары боз үйлөргө жайгаштырылып, ар бир үй-бүлөгө 20 миң сомдон акча берилген.

"Министр Кубатбек Бороновдун буйругу менен 8 он орундуу чатыр, идиш-аяк, кийим-кече, бут кийим, тамак-аш, жууркан-төшөк жеткирилди", — деп айтылат маалыматта.

Ушу тапта жабыркаган үй-бүлөлөр чатырларда баш пааналап жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0