Эки адамдын өмүрүн алган кырсыкка себепчи милиционер камакка алынды

Жазылуу
18-август күнү эртең менен катталган жол кырсыктын кесепетинен эки адам көз жумган. Ага мас абалындагы милиционер себепкер болгон.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Беш унаа кагышкан кырсыктын себепкери болгон милиционер убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББден билдиришти.

18-август күнү эртең менен Чыңгыз Айтматов менен Горький көчөлөрүнүн кесилишинен 28 жаштагы мас абалындагы милиционер Mazda унаасын койдуруп кеткен. Анын кесепетинен катарда турган дагы үч машина жабыркап, эки адам көз жумган.

"Сот шектүүнү эки айга убактылуу кармоочу жайга киргизүү чечимин чыгарды. Кылмыш иши боюнча тергөө уланып жатат", — деп айтылат маалыматта.

Кырсыктын күнөөкөрү — Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери. Ал 2011-жылдан бери аталган ведомстводо иштеп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0