Калыкбек Султановдун аялы каза болду

Жазылуу
Ал узакка созулган оорудан улам көз жумган

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Президенттин мурдагы кеңешчиси Калыкбек Султановдун аялы Роза Султанова узакка созулган оорудан улам 19-августта каза болду. Бул тууралуу анын жакындары билдирди.

Калыкбек Султанов 1998-2011-жылдары "Авангард-Стиль" курулуш компаниясынын башкы директору, 2011-2015-жылдары Транспорт жана коммуникация министри болгон.

2016-жылдан 2017-жылдын августуна чейин президенттин кеңешчиси болуп иштеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0