Аялдар кыялындагы эркекке кантип турмушка чыга алат. Тренердин кеңеши

© REUTERS / Stringer Бракосочетание 64 студенческих пар в Харбинском политехническом университете. Китай
Бракосочетание 64 студенческих пар в Харбинском политехническом университете. Китай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык тренер Тамара Ра бактылуу үй-бүлө куруу үчүн эркекти кантип табуу керектигин айтып берди

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Эл аралык тренер Тамара Ра телегейи тегиз эркекти кантип таап, ага кантип турмушка чыгуу керектигин үйрөтүп жатканын Sputnik Казакстан маалымат агенттиги билдирди.

Ал мындай сыры менен Астанада аялдар менен жолукканда бөлүштү.

"Эгер сиз телегейи тегиз, кыялыңыздагы эркекке турмушка чыккыңыз келсе, өзүңүз да кынтыксыз болушуңуз керек. Ал үчүн эмне кылуу керек экенин билесизби? Жооп жөнөкөй: жаштык кездеги ден соолукту сактаңыз", — деди Ра.

Бир жаздыктан чачы агарган жубайлар баш кошконунун 70 жылдыгын белгилешти - Sputnik Кыргызстан
Бир жаздыктан чачы агарган жубайлар баш кошконунун 70 жылдыгын белгилешти
Адамдын жеке сапаттарын өнүктүрүү боюнча ондогон программанын автору буларды баса белгилеп өттү: эгер көздөгөн максатка жетүү үчүн каалоо күч болсо бардыгы сөзсүз ишке ашат. Баса, эртең менен таза сууну үн чыгарып жакшы тилектерди айтуу менен ичүү керек. Себеби пенденин оозундагы, Кудайдын кулагында.

"Дүйнөдөгү эркектер менен аялдар өз мүмкүнчүлүктөрүнүн 5 же ашып кетсе 10 пайызын гана колдонот. Бирок сиздин ден соолугуңуз 20 эсе бекем, келбетиңиз 20 эсе сулуу ошондой эле бай жашай аласыз", — деп Ра кошумчалаган.

Аялдар тренеринин айтымында, укмуштуудай үлпөт той өзүнүн үстүнөн иштеген, сулуулугун сезе билген аялдарда болот. Ал үчүн эң башкысы ден соолукка көңүл бөлүү зарыл. Ра муздак сууга маал-маалы менен чайынып туруу адамдын энергиясын арттырып, акыл-эсин тунук кыларын эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0