БШК шайлоого карата 875 миң сомго лупа сатып алат

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЛупа кармап турган аял. Архив
Лупа кармап турган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атайын жабдуулар майып адамдардын ыңгайлуулугу үчүн сатып алынат

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоого карата 2,5 миң лупа сатып ала турганын аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Лупалар көзү начар көргөн адамдардын добуш берүүсү үчүн сатып алынууда.

Выборы президента в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Шайлоодо ким канча табат? Саясий технологдордон ырчы-чоорчуларга чейин
Талапка ылайык, чоңойтуп көрсөтүүчү айнектер жалпак, төрт бурчтуу келип, кара рама менен алкактанып, үч эсеге чоңойтуп көрсөтүүгө жөндөмдүү болушу керек. Мындан тышкары, соккуга туруштук бере алчу жумшак пластиктен жасалышы шарт.

Лупа сатып алууга 875 миң сом каралган.

Эскерте кетсек, президенттик шайлоо 15-октябрда болот. Азырынча эки талапкер расмий каттоодон өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0