00:55 20 Аяк оона 2017
Түз эфир
Өспүрүм бала. Архив

Бала маркум апасын унута албай койду... Психологдун маеги

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
1068 0 0

Sputnik Кыргызстандын кабарчысы Екатерина Михайлова психолог жана арт-терапевт Элмира Исаева менен "өзгөчө" балдардын ата-энелери тарткан азап, аң-сезимди түп-тамырынан бери өзгөрткөн дартты кабылдай билүү жана иштеги жүрөк сыздаткан учурлар туурасында аңгеме курду.

Элмира Исаева "өзгөчө балдардын" — Даун синдрому бар, аутизм, БЦП дарттарына кабылган балдардын турмушка аралашуусуна көмөктөшөт. Доктур айым балдарга жакындашуунун бөтөнчө бир ыкмасын тапкан — арт-терапия жана көз, жаңсоо, кол тийгизүү аркылуу дарылайт. Балдар үчүн ал Элмира Аскаровна эмес, сөзү жок эле түшүнө билген эң жакын дос.

Кризисный психолог, арт-терапевт Эльмира Исаева во время интервью Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Азамат Тотубаев
Психолог Элмира Исаева: балдарды эч качан оорулуу же соо деп бөлбөйм. Баарына бирдей карайм. Башка педагогдор мага: "Булар менен кантип иштейсиң, сабырың таштан болуш керек го?!" деп көп айтып калышат

— Өлкөдө өзгөчө балдар үчүн атайын адистештирилген мектептер бар, бирок алар кадимки билим берүүчү жайларга эмнеге бара албайт? Жугуштуу дарты жок, коомго эч кандай коркунуч туудурбайт…

— Чындап эле өлкөбүз үчүн бул көйгөйлүү маселе. "Оорусун" унуткарбаган мектепке же бакчага күн сайын барып жатса, бала кантип айыкмак эле. Ата-эненин көбү өз чүрпөсүн Даун синдромуна кабылган бала менен чогуу мектептен окуткусу келбейт.

Ошол бөтөнчө балдарды коомго аралаштыруу аракетиндемин. Арт-терапия менен баланын баары эле алектене алат.

— Алар менен иштөө кыйын эмеспи? Алар илгерилөөдөн гана артта калбастан, кыймылдай, сүйлөй да алышпайт эмеспи…

— Балдарды эч качан оорулуу же соо деп бөлбөйм. Баарына бирдей карайм. Башка педагогдор мага: "Булар менен кантип иштейсиң, сабырың таштан болуш керек го?!" деп көп айтып калышат. Мында сабырдын деле зарылдыгы жок. Балдар менен бирдей толкундамын, баары – сезип-туюуда. Ойногусу келсе, алар менен ойнойм. Сүрөт тартууну кааласа, кошо сүрөт тартам.

Алардын мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелгендиги тоскоол эмес, себеби, биз оозеки деңгээлде эмес дене, эмоция жана чыгармачылыктын тили менен баарлашабыз. Англис тилин таптакыр билбей туруп, америкалык борбордо да сабак берем, балдар мени түшүнүшөт.

— Кайсы убакта кризистик психолог болууну чечтиңиз эле? Мындай ишмердикти адамдар тегин жерден баштабайт го…

— Дартка байланыштуу кыйынчылыктарга мен да кабылгам. Ошондо мындай дарт эмнеден улам мындай болот деген ой келген. Аң-сезимим түп-тамырынан бери өзгөргүчө, дүйнөгө башкача көз карашым жаралганча өзүмдү, ойлорумду терең "каздым".

Медицина жана психологияны окудум, жардамга муктаж балдарга арт-терапия курсун иштеп чыктым. Азыр ишим мага кубаныч гана тартуулайт, балдар болгон жерде дайым жаркын эмеспи.

— БЦПдан жапа чеккен, Даун синдрому же аутизмдин азабын тарткан балдардын жүрүм-турумунан эмнени байкай алдыңыз?

— Бул балдар аябай түнт келет, жанына баарын эле жолото беришпейт. Алар болушунча ачык жана чын пейилден жасалган мамилени талап кылышат. Андыктан аларга жалган айтып же жасалма жылмайып бактылуу киши болуп көрүнүү мүмкүн эмес. Алар калпты дароо эле билип коюшат.

Анан да алар дегеле чарчашпайт. Чындап эле буларда кандайдыр бир кубаттандыргыч орнотулганбы деген ой көп келет мага. Андай борборлордо таңкы 8ден кечки 10го чейин сабак өтөм. Эгерде ата-энелери керебеттерине жаткырбаса, алар уктабай деле жүрө беришмек.

Балдарды айрым ата-энелер түшүнгүсү да келбегенин байкадым. Мындай балдардын кыйкырганы, кыжырданганы алардын кежирлигин туюндурбайт, алар болгону мындай кылыктары менен өздөрүнүн бар экенин эске салып, апасына же атасына үнүн жеткирүүгө тырышат.

Үй-бүлөдө мындай бала жаралса, ата-энелер жаңы тилде сүйлөшүүнү үйрөнүүсү тийиш. Балдарына кулак гана салбастан, көздөрү, кол-буттарынын, ээгинин учтарынын кыймылына чейин кылдат көз салуу абзел.

— Ата-энелер алардын бүлөсүндө өзгөчө перзент туулганын кантип кабылдай алышат?

— Туура айтасыз, мында моюн сунуу эмес, кабылдоо маселеси турат. Мындай баланын жаралышы үрөй учуруп, көңүл чөгөрүүгө эмес, биринчи кезекте жашоого болгон көз карашты өзгөртүүгө түрткү болушу зарыл.

Экинчиден, жаңылыш ойлордон коркуудан арылып, кадыресе жашоону улантуу зарыл. Эгер өзүңүз үй-бүлөңүздү бактылуу санасаңыз, коом да ошондой кабыл алат. Антпестен, балага "оорулуу" деген жазуу илип алсаңыз, абайлап оолактаган, аялуу көз караштарды тартасыз.

Мындай перзенттин келишин жашооңузда бир жакшы иш жасоого түрткү сымал кабылдаңыз. Мисалы, маянаңызды жогорулатып, токпейил болуу жана жашоодон шайкештикти табуу, көбүрөөк саякаттоо (наристеңизге зарыл болгон медициналык туризм дегеним).

Башкысы – эч нерсеге карабай өз чүрпөңүздү сүйүңүз! Ал сиздин каныңыздан, жаныңыздан жаралган. Мага кайрылган энелердин көбү өз балдарынан тартынышат, кээ бирлеринни кебинде тымызын жек көрүү бар…

Коррекционный психолог Эльмира Исаева во время видеомоста в мультимедийном пресс-центре Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Психолог Элмира Исаева: ар бир жумуш күнүм кызык. Маселен, бир кыз бар. Күзгү аркылуу гана баарлашат. Мени күзгү алдына тургузат да, өз ойлорун жаңсоолор менен жеткирүүгө аракеттенет. Сүйлөй албаган дагы бир бөбөк мени менен сүрөттөр аркылуу сүйлөшөт

— Кризистик психолог ишмердигинде бөтөнчө бейтап же өзгөчө учурлардан кеп салсаңыз.

— Ар бир жумуш күнүм кызык. Маселен, бир кыз бар. Күзгү аркылуу гана баарлашат. Мени күзгү алдына тургузат да, өз ойлорун жаңсоолор менен жеткирүүгө аракеттенет. Сүйлөй албаган дагы бир бөбөк мени менен сүрөттөр аркылуу сүйлөшөт.

Арт-терапияны жаңыдан ишке киргизген кездеги бир наристе дегеле эсимден кетпейт. Африкалык келбети бар төрт жашар баланы класска алып келишти, чоң көздөрү жан дүйнөсүн аңтара таанытып тургандай. Асырап алган ата-энеси баланын маркум энесин унута албай кыйналганына жана тынбай көз жаш төккөнүнө кабатырланышыптыр.

Апасы тууралуу сураганымда чоң кишиче: "Баарыңар апамды унутуумду каалап турасыңар, түшүнөм. Бирок силер да мени түшүнгүлө, бул мүмкүн эмес! Аны эсимден чыгаргым келбейт" деди. Чоңдордукундай жообу мени абдан таң калтырган.

Бир жылча аны окуттум, апасы өлбөгөнүн, башка мейкиндикке – асманга кетти деп ойлонуусуна түрткү болдум. Бул – балдардын жакындарынын өлүмүн кабыл алышынын эң жөнөкөй түшүндүрмөсү. Көп ыйлачу, жанында апасын көрүп жаткандай туюлчу мага. Ага апасын унутууга классикалык музыка көмөк болду.

— Чоңдорго да психологиялык жардам көрсөтөт экенсиз?

— Эркектер жашоодон өз ордун таба албагандыгы үчүн мага кайрылат. Жашы деле жогорулап барат, көңүлүнө төп келген ишти издөөгө да кеч, бирок… Материалдык жактан кыйналса, эркектердин көзүндө жашоо соолугандай сезилет. Ал эми колунда акча барда — баары тынч.

Аялдар өзүнүн алсыздыгын түшүнгөндө жана бул турмуштан ордун таптакыр таба албай калганда кайрылышат. Ал эми кээде айланасында баарлашууга адам жоктугу үчүн гана келишет.

Кээде бейтаптар мени көчөдөн эле табышат. Былтыр балдар борборун издеп каңгыган, абдан күйпөлөктөгөн, көздөрү жашка толгон бир аялды көрдүм. Жанынан кыя өтө албадым, арманын сурадым. 13 жашар баласы өз өмүрүн кыюуга ниеттенип жүрөт деген шектенүүсү бар экен. Таңда ата-эне баласын темир жол рельсинин алдынан көрүшкөн. Абдан чочулашкан. Бала менен сүйлөшкөнүмдө баары жайында экенин, балага дүйнө абдан кызык экенин түшүндүм…

— Түгөйлөр келеби, алардын эмне көйгөйү бар?

— Балким, мени ишин билейт дейсиздер, бирок жаш жубайлардын ортосундагы көйгөйлөргө күлкүм келет. Өз мамилелерин алар кежирлик менен куру намыстан улам бузушат. Бирок көп учурда акчанын жетишсиздиги же тескерисинче, көптүгүнөн урушушат.

Жолдошу жубайынан аз табат дейли. Андан улам аялы өз керектөөлөрүн азайтып, жашоо образын жана социалдык макамын айырбаштоого аргасыз болот. Ал эми күйөөсү өзгөрүлүүнүн ордуна жолу болбогон адам түспөлүн кийип, кандай болсо ошол калыбында жүрө берет.

Эгер кечээ эле арасында аябагандай чоң махабат болсо, бүгүн жек көрүү жаралат… Эгер акча ашыкча болсо, анда түгөйлөрдүн бири-бирин кабылдоо көйгөйү чыгат — башкача карап койду, туура эмес сөз айтты… Бирок, менимче, мунун баары болбогон нерселер.

Тема боюнча

Энемди көмгөнгө убактым жок! "Дөөлөттүү" карылыктын 3 түрү
Психолог: балдарын сактайм деген эне пантерадай секиргенин сезбей калыптыр
Белгилер:
психолог, Элмира Исаева

ЭҢ МААНИЛҮҮ