Рулдагылар, даярдангыла! Кайгуул милициясынын иш тартиби өзгөрүшү мүмкүн

© Фото / пресс-служба МВД КРЖол кайгуул кызматкерлери. Архив
Жол кайгуул кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакындан тарта Кайгуул милиция башкармалыгы айдоочулардын документтерин кайсыл жерден текшерилери жана алар менен кандайча сүйлөшүү керектиги жазылган жаңы нускамаларды алышы мүмкүн.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. ИИМдин Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгы автоинспекторлордун иш тартибин өзгөрткөн жаңы жобо даярдап жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов билдирди.

Анын айтымында, мунун себептеринин бири азыркы жоболордогу калпыстыктар. Мисалы, мыйзам боюнча Кайгуул милициясынын кызматкерлери айдоочулардын документтерин стационардык посттордо гана текшере алат. Ал эми алардын саны өлкө боюнча сегиз.

"Учурунда Россиянын мыйзамдардан туура эмес көчүрүп алышкан. Эми ал жерлерин алып салалы деп жатабыз, болбосо аталган пункттар менен жарандарды тартипти сактоого чакыруу мүмкүн эмес", — деди Саркулов.

Анын айтымында, жол эрежелеринин коопсуздугу боюнча жаңы жобо макулдашууга жөнөтүлгөн. Өкмөт жактыргандан кийин аны Кайгуул милициясы бекитип, инспекторлор колдоно баштайт. Анда айдоочуну кайсы жерден токтотуу керектиги, документтерди текшерүүнүн жана кайрылуунун тартиби каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0