Айлыгым 30 миң сом! Кесиптик окуу жайды аяктагандар кантип жумуш таап жатат?

© Sputnik / Табылды КадырбековРазвитие легкой промышленности в КР
Развитие легкой промышленности в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эжемдин курбусу борбордогу бир нече тигүү цехинин жетекчиси. Үстүндө үйү, астында машинасы бар, анан да кафеге киргенде тамактын баасына көңүл бурбайт. Ал мунун баарына эскинин жаңысы болгон кийим тиккен машина жана арзан кездеме менен жетти. Өзү тикмечиликтин окуусун окуган.

№4 кесиптик лицейдин жетекчисинин орун басары Индира Куралбекова журналист Гүлдана Талантбековага бул окуу жайларды аяктаган студенттер аз убакытта кантип бутка туруп жатканын айтып берди. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков№4 кесиптик лицейдин жетекчисинин орун басары Индира Куралбекова
Заместитель директора профессионального лицея №4 Индира Куралбекова  - Sputnik Кыргызстан
№4 кесиптик лицейдин жетекчисинин орун басары Индира Куралбекова

— Индира айым, коомчулукта жогорку окуу жайлардын студенттерине салыштырмалуу кесиптик лицейлерди бүткөндөр тезирээк жумуш таап, алда канча жакшы акча табышат. Бирок эмнеге бүтүрүүчүлөрдүн көбү жогорку окуу жайга тапшырууну каалашат?

— Кесиптик лицейлер мурда кесиптик-техникалык училище деп аталып, начар окугандар билим алышчу. Ошол боюнча коомчулукта терс ой калыптанып калды. Акыркы он жылда тейлөө адистерине талап өстү. Өзгөчө ашпозчу, жыгач уста, ширетүүчү, зергерлерге суроо-талап күч. Жашоо бир орунда турбайт экен. Өлкөдө заңгыраган үйлөр, кооз имараттар курулуп, анда кесиптик лицейлердин бүтүрүүчүлөрү иштеп жатат. Жеңил өнөр жай тармагы да кулачын жайып тигүүчүлөргө талап өстү. Айыл чарба багытындагы адистер дагы аз.

Мен жогорку окуу жайды 20 миң сом контракт төлөп аяктагам. Бүгүн бир лицейдин жетекчи орун басарлыгын аркалап 9 миң сом айлык алам. Ал эми тейлөө тармагында дасыккан адистердин маянасы 50-60 миңдин тегерегинде.

Экзамен тапшырып жаткан бүтүрүүчү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Абитуриент-2017: ЖОЖго тапшыруунун шарттары, келишимдик жана бюджеттик орундар
Адам кесип тандаардан мурун эмгек рыногуна көз чаптырышы керек деп ойлойм. Кыргызстан Евразия союзуна мүчө болгондон бери тейлөө адистерине талап күчөдү. Ал ортодо миграция өлкөдө глобалдуу маселелердин бири болуп калууда. Айрымдар чет өлкөдө тейлөө тармагы боюнча жумуш тапканы менен эки бет кагазы жок кыйналып жатат. Ошол себептен дагы учурда кесиптик окуу жайларга тапшырган балдардын саны көбөйүүдө.

Жалпы республикалык тестирлөөдө жетиштүү упай топтой албай окууга өтпөй калгандар бар. Ошол балдар каякка барат? Алар бизден билим алып, кийин каалаган окуусуна тапшырып алса болот. Учурда бул жакта майып балдар да билим алып жатышат. Жакында эле №98 кесиптик лицейдин базасында IT-технолог бөлүмүндө компьютер адистери даярдалып чыкты. Ал эми №18 кесиптик лицейдин базасында кулагы укпаган адамдар тигүүчүлүккө үйрөнүштү. Башка жерде майып адамдарды "эмгекке жараксыз" деп жумушка албайт.

— ЖОЖдун көбү келишимдик негизде. Кесиптик лицейлерде финансылык жактан окуу мүмкүнчүлүгү кандай каралган?

— Кесиптик-техникалык билим берүү тармагынын көбү бюджеттик негизде. Айрым лицейлерде кыска мөөнөттөгү курстардан окуу үчүн акы төлөнөт. Акысы идиш-аяк, тамак жасай турчу азык-түлүккө кетет.

© Sputnik / Табылды Кадырбеков№4 кесиптик лицейдин жетекчисинин орун басары Индира Куралбекова жана лицей бүтүрүүчүлөрү
Окончившая №18 лицей Динара - Sputnik Кыргызстан
№4 кесиптик лицейдин жетекчисинин орун басары Индира Куралбекова жана лицей бүтүрүүчүлөрү

— Кыска мөөнөт болгондо канча убакытта каалаган адистигиңе ээ боло аласың?

— 9-классты бүткөн окуучулар үчүн үч жылдык мөөнөт менен билим беребиз. Бизден диплом менен биргеликте мектепти аяктады деген аттестат ыйгарабыз. Ошондо балдар эки эсе убакыттан утуп жатат. Ал эми кыска мөөнөттөгү курстар 3-10 айга чейин.

Тигүүчү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда кайсы кесипке суроо-талап күч? Рейтинг
Учурда калктын жумушсуз катмарын жумуш менен камсыз кылуу боюнча атайын иш алып барып жатабыз. Биздин максат — калкты, анын ичинде жаштарды кыска мөөнөттө иш менен камсыз кылуу. Бул студенттерди жогорку окуу жайларга тапшырбагыла деген кеп эмес. Болгону коомчулукта аз убакытта каалаган кесипке ээ болуп, каражат табуу зарылчылыгы бар деп ойлойм.

Сөзүбүз куру болбошу үчүн кесиптик окуу жайларды аяктаган балдарды кепке тарттык. Алар жашы улгайган ишкерлер эмес, кечээ лицейде окуп, бүгүн өздөрүн камсыздап жүргөн жаштар.

20 жаштагы Бекболсун Мадярбеков №4 лицейдин үч жылдык жыгач уста бөлүмүн окуп бүтүргөн. Студент кезинен эле иштеп үй-бүлөсүнө жардам берип келет. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков20 жаштагы Бекболсун Мадярбеков №4 лицейдин үч жылдык жыгач уста бөлүмүн окуп бүтүргөн
Окончивший №4 лицей Бекболсун Мадярбеков - Sputnik Кыргызстан
20 жаштагы Бекболсун Мадярбеков №4 лицейдин үч жылдык жыгач уста бөлүмүн окуп бүтүргөн

"Алгач усталарга жардамчы болуп 10 миң сом айлык менен иштедим. Азыр үстөлдүн бир метрин 10-12 миңден жасайм. Орточо айлык 25-30 миң сом. Жеке өзүбүз эле эмес, лицейдин балдарын да алып келип жумуш менен камсыздап жатабыз. Мен үчүн эми деле ЖОЖдон окуп алуу кеч эмес. Буюрса кийинки жылкыга пландап жатам", — деди Бекболсун.

25 жаштагы Бакыт Өскөнбаев №92 көркөм сүрөт лицейин аяктаган. Ал практикада жүргөндө эле жумуш таап койгон. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков25 жаштагы Бакыт Өскөнбаев №92 көркөм сүрөт лицейин аяктаган
Окончивший №92 художественный лицей Бакыт Осконбаев - Sputnik Кыргызстан
25 жаштагы Бакыт Өскөнбаев №92 көркөм сүрөт лицейин аяктаган

"Эки жыл ичинде зергерчилик кесибине ээ болдум. Айлыгыбыз кудайга шүгүр. Жумушум чыгармачылык жактан эргүү берет. Чакан цех ачып балдар менен иштетип жатам. Биз практикада жүргөндө эле жумуш таап койгонбуз. Негизи бизди тажрыйба топтогону барганда эле алып калышат", — деди Бакыт.

19 жаштагы Динара №18 кесиптик окуу жайдын ашпозчу бөлүмүн бүтүргөн. Ал жогорку окуу жайына жалпы республикалык тестирлөөдө жетиштүү упай топтой албай, кесиптик лицейге тапшырууну чечкен. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков19 жаштагы Динара №18 кесиптик окуу жайдын ашпозчу бөлүмүн бүтүргөн
Окончившая №18 лицей Динара - Sputnik Кыргызстан
19 жаштагы Динара №18 кесиптик окуу жайдын ашпозчу бөлүмүн бүтүргөн

"Он айлык курсту бүткөндөн кийин дароо эле ресторандардын бирине ашпозчу болуп ишке кирдим. Эмгек акым 25 миңден жогору. ЖОЖго тапшырам дегенимде тийиштүү балл жетпей калган. Акча топтоп кийинки жылдан университетке тапшырайын деп жатам", — деди Динара.

Учурда жогорку окуу жайларына (ЖОЖ) абитуриенттерди кабыл алуу аяктап калды. Ар кандай себеп менен окууга тапшыра албай калгандар кесиптик лицейлерден билим алууга мүмкүнчүлүгү бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0