Жума күнү Чүй облусу менен Бишкектин айрым бөлүктөрүндө жарык өчөт. Тизме

© AP Photo / Anupam NathОтключения электричества в Индии
Отключения электричества в Индии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оңдоо иштерине байланыштуу борбор калаанын 30дан ашык көчөсүнө электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурайт

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Жуму күнү Чүй облусу менен Бишкек шаарынын кээ бир бөлүктөрүндө электр энергиясы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ачык акционердик коомунун маалымат кызматы кабарлады.

Токтогул суу сактагычы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан электр энергиясын экспорттой баштады. Кышында сызга отурбайбызбы?
Билдирүүгө ылайык, 18-августта Чүй облусунун Биринчи Май, Лесхозный, Кашка-Баш, Сокулук, Достук, Арал айылдары менен МТФ-2 жаңы конушунда 9.00дөн 17.00гө чейин жарык өчөт.

Ал эми 8.30дан 17.00гө чейин Ийри-Суу, Эриктуу, Петропавловка айылдарында электр энергиясы жок болот.

Ошондой эле оңдоо иштерине байланыштуу борбор калаадагы Көк-Жар жаңы конушунун Тоң, Арстанбап, Молдокулов, Куйручук, Ой-Терскен, Санжыра, Улан көчөлөрүндө 9.00дөн 16.00гө чейин, Щусев, Тыныстанов, Магаданский, Васильев, Маяковский, Сеченов, Элебесов, Щербаков, Эркиндик, Удмуртский, Кишиневский, Акылбеков, Армавирский, Хивинский, Достоевский, Чүй көчөлөрүндө 9.00дөн 18.00гө чейин электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурайт.

Андан сырткары, Белгородский, Бакаев, Кара-Коо, Арча-Бешик, Баба-Ата, Арча-1, Ташкентский, Исанов, Профессор Зима, Жибек Жолу, Орозбеков, Токтогул, Айни, Жунусалиев көчөлөрү 9.00дөн 17.00гө жарыксыз калат.

Жаңылыктар түрмөгү
0