Аймактарга каттаган "шумахер" таксисттерди лицензия системасы тизгиндейби...

© AFP / SEYLLOU Такси в Гамбии
Такси в Гамбии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйылкы жылдын алты айында региондорго эл ташыган унаалардын катышуусунда 258 жол кырсыгы катталып, 20 адам каза тапты. Дагы 433 жаран ар кандай жаракаттарды алган. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 35 пайызга көп. Жогорудагы эсепке ири жана чакан автобустар гана киргизилген.

Жол кырсыктары көп катталып жаткандыктан, региондорго эл ташыган таксилерди лицензиялоо маселеси каралып жатат. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин алдындагы Автотранспорт агенттигинин директорунун орун басары Максат Жумабаев билдирди.

"Учурда аймактарга каттаган таксилерди бир дагы мамлекеттик орган көзөмөлгө ала элек. Алардын ишин тартипке салуу боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү маселеси козголгон. Ага ылайык шаарлар аралык каттамдарды аткарам деген фирмалардын жана айдоочулардын иши лицензия жолу менен жөнгө салынат. Бул мыйзам калктуу конуштан 60 чакырым алыстыкка жүргүнчү ташыган бардык унааларга тиешелүү болот", — деди Жумабаев.

Анын айтымында, азырынча министрлик региондорго каттаган автобустар менен маршруткаларды гана лицензиялайт. Алардын каттамдарын бекитип берүү дагы министрликтин мойнунда. Ал эми таксилерди эч ким көзөмөлдөбөйт.

Министр здравоохранения КР Батыралиев Талантбек - Sputnik Кыргызстан
Министр Батыралиев жол кырсыгынын күн санап көбөйүшүнө кейиди
"Ашууларда чукул бурулуштар көп болгондуктан Ош, Баткен облустарына чоң автобустарды жүргүзүүгө уруксат берилген эмес. Эң көп дегенде 16 орундуу унаалар каттаса болот. Учурда чакан автобустар жүрө турган Бишкек — Ош каттамын ачуу пландалып жатат", — деди Жумабаев.

Транспорт жана жол министрлигинен билдиришкендей, өлкөнүн түндүк аймагындагы облустарга каттамдарды жеке фирмалар аткарат. Буга укук алуу үчүн беш жыл сайын министрлик өткөргөн сынакка бир нече ишкана катышат.

Лицензия алуу үчүн кандай талапка жооп бериш керек?

Айдоочуну жумушка алуу же кетирүү — фирманын ички иши болуп эсептелет. Бирок эл ташып иштейм деген айдоочу Транспорт министрлигинин автотранспорт агенттигинен лицензия алуусу зарыл.

Ал үчүн айдоочунун үч жылдык стажы жана жаш курагы 21-22ден жогору болушу керек.

Бир фирмага бириккиси келбеген таксисттер

20 жылдан бери Бишкек — Кербен каттамында жүргүнчү ташып иштеген Ажыбек Акуловдун айтымында, иштөөгө уруксат алуу үчүн таксисттер бир айга 500 сомго патент, 380 сомго коопсуздук полисин алышат. 

Акулов: таксисттер кырсыкка учураганда жол жаман деп эч ким айтпайт

"Лицензиялоо же бир фирмага башыбызды бириктирүү ишке ашпай турган нерсе деп эсептейм. Анткени мунун баары айдоочунун мойнуна илине турган чыгымдар. Анын үстүнө бюрократия башталат. Мисалы, мага кечки саат 10до капысынан кардар табылып калса, жолго чыгууга уруксат берген кагазга мөөр басчу киши эртең менен кел деп коет. А кардар күтүп отурмак беле? Анан айласыздан мөөр басчу адамдын чөнтөгүнө акча саласың", — деди Акулов.

Ал эми таксисттердин катышуусу менен болгон жол кырсыктарына жолдун начарлыгы жана иштөөгө шарттардын жоктугу себепкер деп эсептейт.

Байтик баатыр жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде маршрутка ала салган. Архив - Sputnik Кыргызстан
Маршрутка менен эмнелер гана кагышкан жок... Үрөй учурган кырсыктардын тизмеги
"Бизде атаандаштык күч. Эртең мененки жетиден тарта кардар күтүп отуруп, кечинде жолго чыгарда чарчап каласың. Анын үстүнө түштүккө каттаган жолдор абдан катаал. Жаан-чачын же тыгын жаралып калса Төө-Ашуудагы туннелден чыккыча эле эсиң ооп калат. Ошентип 6-7 саат жол жүргөндөн кийин аябай чарчайсың. Биз деле мындай кооптуу жумушка айла жоктугунан барып атабыз. Мисалы, мен мугалиммин. Райондук билим берүү бөлүмүндө жетекчилик кызматтарда иштегем. Бирок ал айлык менен бала-чакамды бага албай койгом", — деди таксист.

Бишкек менен башка шаарларды байланыштырган маршруттар

Бишкектин Батыш автобекетинен эртең мененки саат 8.30да Ала-Букага, 9.30да Кербенге маршрутка кетет.

Модернизированные автобусы и троллейбусы - Sputnik Кыргызстан
Троллейбустун айдоочусу майып балдарды ташуудан баш тартты. Күбөнүн видеосу
Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарына 7.00дөн 20.00гө чейин киши толгонуна жараша чакан автобустар каттайт. Кечкисин ушул эле аймактарга автобустар чыгат.

Ал эми Чыгыш автобекетинен Чүйдүн бардык шаарларына жана райондоруна чакан автобустар каттайт. Алар саат 7.00дөн 19.00гө чейин элдин толушуна жараша жолго чыгат.

Түштүк региондоруна каттаган таксисттер Ош базарынын аймагында турат. Ош облусуна же шаарына барчуларды Токтогул менен Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинен, Жалал-Абад тарапка кетчүлөрдү Чүй менен Повлов көчөлөрүнүн кесилишинен тапса болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0