Чет элдиктерди стресстен арылткан Чолпон: акыл-эсти өнүктүрсөң калганы өзү келет

© Sputnik / Чолпон ЖунусоваТаиландда эмгектенген кыргызстандык Чолпон Жунусова
Таиландда эмгектенген кыргызстандык Чолпон Жунусова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik агенттигинин кабарчысы Алия Самидин таиланддыктарга сүкүт чалууну үйрөтүп жүргөн кыргызстандык Чолпон Жунусова менен маектешти.

Чолпонду университетте окуп жүргөн кезден бери тааныйм. Бирок бир нече жылга байланыш үзүлүп, кийинчерээк интернеттен табышып алдык. Акыркы күндөрү соцтармакта онлайн медитация курстарын өткөрүп жүрөт. Аны көрүп алгач башка динге өтүп кеттиби деген ой да келген эле.

— Чолпон, Таиландга кандайча барып калдың?

Россиянын Омск шаарында ИИМ академиясынын курсанты Жылдыз Жумабаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россиянын ИИМ академиясынын курсанты Жылдыз: 10 жылдан соң полковник болсом дейм
— 2013-жылы Кытайдан магистратураны окуп келип, Кыргызстанда банкта иштеп жүрдүм. Бир күнү курбум өзүн-өзү өнүктүрүү программасын сунуштап калды. Ичинде медитация да бар эле. Ошол программанын арты менен Грузиядагы башка бир программага өтүп, беш күндө медитация эмне экенин үйрөндүм. Грузиядан кийин Таиланддагы эки жумалык программага катышып, андан өзүмдү мыкты көрсөтүү менен үч ай онлайн медитация курстарын алып бардым. Андан соң Таиландга ыктыярчы катары чакырышты. Ошондон бери бул жакта иштеп калдым. Январь айында медитация боюнча тренердик курсту аяктап, акыркы 6 айдан бери интернет аркылуу Таиланд, Сингапур, Бирма, Япония жана кытайлыктарга медитация боюнча сабак берип келем.

© Sputnik / Чолпон ЖунусоваЧолпон Жунусова Таиланд, Сингапур, Бирма, Япония жана Кытай жарандарына медитация боюнча сабак берет
Кыргызстанка работающая в Таиланде Чолпон Жунусова - Sputnik Кыргызстан
Чолпон Жунусова Таиланд, Сингапур, Бирма, Япония жана Кытай жарандарына медитация боюнча сабак берет

— Кесибиңизди медитация менен алмаштырып өкүнүп калган жоксузбу?

— Жок, тескерисинче ыраазымын. Медитациядан кийин маанайым жакшырып, күч-кубаттуу болуп, позитивдүү өзгөрүүлөр болду. Таиланддагы семинарга катышып, эки жуманын ичинде 360 градуска өзгөрдүм десем болот.

— Эмнеңиз өзгөрдү?

Кытайдын Иньчуань шаарындагы эл аралык КАРВАР клиникасында котормочу жана директордун жардамчысы болуп эмгектенген Динара Ибраимова - Sputnik Кыргызстан
Кытайдагы клиниканын котормочусу Динара: бети түрүлүп жаткан кишиден аябай коркком
— Буга чейин менде руханий өнүгүү деген түшүнүк болгон эмес. Жашоодо өзүңдү материалдык жактан эмес, алгач менталдык жактан өнүктүрсөң калганы өзүнөн өзү келет. Сүкүт акыл-эсти бир нерсеге багыттап концентрацияны өнүктүрөт. Адам стресстен арылып, позитивдүү ой жүгүртүп калат. Аны менен бирге ден соолук чыңалат. Бүгүнкү күн менен жашаганды үйрөндүм. Көптөр учур чак менен жашабайт. Ар дайым өткөндү ойлонушат. Оюбуздун 45 пайызы келечек тууралуу, 10 эле пайызы учур чакта. Кээ бир адамдардыкы он пайызга да жетпейт экен. Медитациядан жашоодон эч нерсе күтпөй жашаганды үйрөндүм. Негизи бир нерсени күтүү мотивация берет, бирок ишке ашпай калса адам стресске кабылат.

— Кое берүү дегенди кандай түшүнсө болот?

— Өткөндөгү жашоодо болгон жакшылык менен жамандыкты эстеп жүрбөй унуткаруу. Гардеробдогу кийилбей калган кийимдерден, окулбай калган китептерден арылуу керек. Себеби анын баары — энергия. Эски энергия топтолгондо жаңы энергияга орун калбай калат.

— Соцтармактан онлайн медитация боюнча сабактарыңызды көрүп, башка динге өтүп кеттиби деген ой келди эле…

— Медитацияны баштаганда достор "йогист же буддист болуп кеттиңби" деп сурашкан. Туугандарым менен ата-энем да алгач ошондой деп ойлошкон. Бирок мен буддист болгон жокмун. Медитация бир гана буддизмге тиешелүү эмес, аны дүйнөлүк практика катары кабыл алуу керек. Медитация — бул өзүңдү таанып билүү. Сен качан гана өзүңдү тааныганда башкаларды да жакшы биле баштайсың.

— Мен медитация дегенде эле мандаш токунуп, көзүн жуумп алгандарды элестетем…

— Басып баратып же жатаарда да медитация кылууга болот. Намаз окуган да өзүнчө медитация. Себеби намаз окуп жаткан адам өзүнүн руханий дүйнөсү менен байланышта болот.

© Sputnik / Чолпон ЖунусоваЧолпон Жунусова: медитация өзүңдүн чыныгы натураңды издеп табуу дегенди түшүндүрөт
Чолпон Жунусова: медитация өзүңдүн чыныгы натураңды издеп табуу дегенди түшүндүрөт - Sputnik Кыргызстан
1/3
Чолпон Жунусова: медитация өзүңдүн чыныгы натураңды издеп табуу дегенди түшүндүрөт
© Sputnik / Чолпон ЖунусоваЧолпон Жунусова: медитация өзүңдүн чыныгы натураңды издеп табуу дегенди түшүндүрөт
Чолпон Жунусова: медитация өзүңдүн чыныгы натураңды издеп табуу дегенди түшүндүрөт - Sputnik Кыргызстан
2/3
Чолпон Жунусова: медитация өзүңдүн чыныгы натураңды издеп табуу дегенди түшүндүрөт
© Sputnik / Чолпон ЖунусоваЧолпон Жунусова: медитация өзүңдүн чыныгы натураңды издеп табуу дегенди түшүндүрөт
Чолпон Жунусова: медитация өзүңдүн чыныгы натураңды издеп табуу дегенди түшүндүрөт - Sputnik Кыргызстан
3/3
Чолпон Жунусова: медитация өзүңдүн чыныгы натураңды издеп табуу дегенди түшүндүрөт
1/3
Чолпон Жунусова: медитация өзүңдүн чыныгы натураңды издеп табуу дегенди түшүндүрөт
2/3
Чолпон Жунусова: медитация өзүңдүн чыныгы натураңды издеп табуу дегенди түшүндүрөт
3/3
Чолпон Жунусова: медитация өзүңдүн чыныгы натураңды издеп табуу дегенди түшүндүрөт

— Намаз деп калдыңыз, медитация бул Кудайга кайрылуубу?

— Медитацияда Кудайга кайрылуу жок. Намазда бир гана Кудай менен эмес, өзүң менен да байланышта болосуң. Медитация өзүңдүн чыныгы натураңды издеп табуу дегенди түшүндүрөт. Биз Кудайды асмандан же башка жактан издейбиз. Бирок менимче Кудай ар бир адамдын жүрөгүндө жашайт.

— Медитацияны ата-эне, бир туугандарыңызга да үйрөткөн чыгарсыз?

— Ооба, үйрөтөм, бирок аны дайыма жасабагандан кийин жыйынтыгын сезе алышпайт.

— Кечээ жакында интернет айдыңынан 98 жаштагы йога мугалимин көрүп таң калдым. Денесинин ийилчээктигин айт. Медитациянын йогадан айырмасы эмнеде?

— Йога көнүгүүлөрдү жасоо менен денени чыңдап, концентрацияны өнүктүрөт. Адам канчалык ийилчээк болсо денеси чың болуп, узак жашайт. Ал эми медитацияда эс-акылдын, мээнин булчуңдарын өнүктүрөсүң.

— Таиландда жашаганыңызга бир жылдан ашыптыр. Эли кандай экен?

— Кыргыздардай меймандос келишет. Улууларды урматташат. Бизден айырмасы — көчөдө жылмайып жүрүшөт. Тартип бар, мисалы кечигип жаткандар метродо алдыга умтулуп ызы-чуу жаратпайт. Акырына чейин кезегин күтүшөт.

© Sputnik / Чолпон ЖунусоваЧолпон Жунусова: йога көнүгүүлөрү денени чыңдап, концентрацияны өнүктүрөт
Кыргызстанка работающая в Таиланде Чолпон Жунусова - Sputnik Кыргызстан
Чолпон Жунусова: йога көнүгүүлөрү денени чыңдап, концентрацияны өнүктүрөт

— Демек кыргыздар Таиландда бат эле билинип калат турбайбы…

— Анткениңиз менен мени чет элдик деп ойлошпойт. Англисче сүйлөгөндө эле түшүнүп калышпаса… Кыргызстанды дээрлик билишпейт. Жада калса Советтер союзу тууралуу маалыматтары жок экен. Мени кытайлык же кореялык деп ойлошот. Кыргызстандан келгенимди айтканда ал кандай өлкө, эмнеси менен белгилүү деп кызыгышат. Интернетти ачып, кооз жерлердин сүрөттөрүн көргөзөм. Сулуулугуна тамшанып, барабыз деп калышат.

— Алдыга койгон пландарыңыз кандай?

БУУга караштуу МАГАТЭде (атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик) эмгектенген, дизайнер Гульнур Тоялиева маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
МАГАТЭде иштеген Тоялиева: кылчайсам, өмүр өтүп жатыптыр... мен кыялыма кайтып келдим
— Кыргызстанга жакын арада баруу жөнүндө ой бар. Медитациянын жардамы менен адамдардын көз карашын өзгөртүүнү ойлонуп жүрөм. Кыргызстанга барып позитивдүү ой жүгүртүү боюнча курстарды ачкым келет. Себеби элибиз акчанын артынан чуркап руханий өнүгүүнү унутуп баратат деп ойлойм.

Баса, сентябрь айында Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде медитация боюнча төрт күндүк семинар өткөрөбүз. Программада медитацияны туура жасоо жана анын таасирлерин айтып беребиз. Мындан тышкары, массаж жана йога сабактары да берилет. Кызыккандар Facebook аркылуу мага кайрылса болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0