Дүйнөлүк куран жарышына Кыргызстандын атынан Абдималик Козубеков катышат

© AFP / SANJAY KANOJIAКуран китеби. Архив
Куран китеби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Конкурстун жүрүшүндө дүйнөлүк аалымдар лекцияларды өтүп, ар кыл иш-чаралар уюштурулат.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Москва шаарында өтө турган дүйнөлүк куран жарышына Кыргызстандын атынан Абдималик Козубеков катышат. Бул тууралуу муфтият билдирди.

Маалыматка ылайык, жарыш үстүбүздөгү жылдын 8-октябрында Crocus City Hall залында өтүп, ага 32 мамлекеттин ичинен тандалган мыктылар катышат.

Конкурстун жүрүшүндө дүйнөлүк аалымдар лекцияларды өтүп, ар кыл иш-чаралар уюштурулат.

Ал эми жеңүүчүлөргө ажылыкка, умрага жолдомолор жана Iphone 7 уюлдук аппараттары берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0