Аз акчага бекем үй тургузууну каалагандарга. Баткендеги сынч тамдардын таржымалы

© Фото / Феруза Аскарбек кызыНовый метод строительства домов в Баткене
Новый метод строительства домов в Баткене - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тогуз баллдык жер титирөөгө туруштук берген сынч үйлөр кайсы кылымга таандык экендиги белгисиз, бирок ушул күнгө чейин актуалдуулугун жоготпой, Баткенде бул ыкма сакталып келет. Акыркы күндөрү аймакта сынч үйлөрдүн саны кескин көбөйдү.

Sputnik Кыргызстан агенттиги үй салуудагы сынч ыкмасынын жол-жобосун, болжолдуу баасын жана пайдалуулугун иликтеп көрдү. Бул тууралуу бизге сынч ыкмасындагы үйлөрдү куруп жүргөн баткендик уста Аскарбек Дүйшеев айтып берди.

Сынч — үй куруудагы ыкма. Анын башка үйлөрдөн айырмасы дубалдардын ортосуна такта коюлуп, алар бири-бирине ашталат. 

© Фото / Феруза Аскарбек кызыСынч ыкмасындагы үйлөрдү куруп жүргөн баткендик уста Аскарбек Дүйшеев
Новый метод строительства домов в Баткене - Sputnik Кыргызстан
Сынч ыкмасындагы үйлөрдү куруп жүргөн баткендик уста Аскарбек Дүйшеев

"Такта жарымына чейин кесилет, үстүңкү такта да жарымына чейин кесилип асты менен үстү бири-бирине коробка сыяктуу ашталат", — деп түшүндүрүп берди ал.

Дүйшеев сынч ыкмасындагы үйлөрдү 30 жылдан бери салып келе жаткан уста. Элдин көпчүлүгү үй салууда дал ушул ыкманы колдонгондуктан бир ай ичинде 4-5 үйдү бүтүрүүгө туура келет экен. Иш акысы ар бир бөлмөнүн көлөмүнө жараша 5 миңден 10 миң сомго чейин.

Строительство дома из железных контейнеров в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Темир үйдө жашагың келеби? Контейнерден там куруу Кыргызстанда канча турат
"Ата-бабаларыбыз бул ыкмада салганынын себеби башка үйлөргө карганда бышык болот. Астындагысы так сынч, үстүңкү сарап, үчүнчүсү кыйды. Анан бул кош сынч, жеке сынч болуп бөлүнөт. Кош сынчтын аралыгы 30-40 сантиметр болот да ортосуна топурак менен ылай толтурулат. Ата-бабалар дагы туура тандашкан, анткени бул өтө бекем болгондуктан 9-10 баллга чейинки жер титирөөгө туруштук берет", — деди ал.

Дүйшеевдин айтымында, бул ыкма менен Кокон хандыгындагы имараттарды да курушкан.

"Ошондуктан Фергана өрөөнүндөгү өзбек жана кыргыздарда сакталып калган. Бизде ошол убактан эле колдонулуп келет. Мурда бай-манаптар гана салса, бул заманда акчасы аз деп карапайым элден кызыккандар көп", — деди Дүйшеев.

Сынч кош жана жеке болуп бөлүнөт. Кош сынчка такта эки катар, ал эми жеке сынчка бир катар кылып кагылат. Кош сынч бекем болгондуктан жеке сынчтын акчасына караганда эки эсе кымбат турат. Көпчүлүк да ушул түрүн колдонушат экен. Адистердин иликтөөсүндө сынч менен курулган үйлөр 100 жылдан ашуун мөөнөткө туруштук бере алат. 

© Фото / Феруза Аскарбек кызыҮй салуудагы сынч ыкмасы
Новый метод строительства домов в Баткене - Sputnik Кыргызстан
Үй салуудагы сынч ыкмасы

"Сынч үйүм — тынч үйүм"

1977-жылкы жети баллга жеткен жер титирөөдө Баткен жергесинде турак үйлөр жабыр тарткан эмес. Анын сыры Баткендеги сынч ыкмасындагы үйлөрдүн көптүгүндө деген пикирин айтты ӨКМдин Баткен облустук башкармалыгынын калкты жана аймактарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Туратбек Турдуев.

"Мындай ыкмадагы курулуштар 9 баллга чейинки жер титирөөгө туруштук берет. Ошондуктан сынч ыкмасындагы үйлөр туурасында жергиликтүү тургундар "Сынч үйүм — тынч үйүм" деп да айтып жүрүшөт. Учурда Баткен облусундагы үйлөрдүн 90 пайызы сынч менен курулган. Башка ыкмадагы үйлөр 3-4 баллда эле зыянга учурай баштайт. Баткендеги үй куруунун сынч ыкмасын өлкө боюнча жайылтуу керек. 1977-жылы катталган катуу зилзалада сынч үйлөрдүн пайдубалы жарылып, бирок сынчы бар жерлер ошол бойдон калган. Анын сейсмикалык жаткан туруктуулугу ошондо дагы бир ирет далилденген", — деди Турдуев. 

© Фото / Феруза Аскарбек кызыҮй салуудагы сынч ыкмасы
Новый метод строительства домов в Баткене - Sputnik Кыргызстан
Үй салуудагы сынч ыкмасы

Керектелүүчү материалдар

Курулуп жаткан үйлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик ипотека: жашың өтүп баратса, үйдөн үмүт кылба...
Колдонуучу материалдары негизинен такталардан турат. Алар ар кандай формага бөлүнөт. Мисалы: пайдубалдан кийинки жана ага параллель болгон үстүңкү такта стропила деп аталып, бөлмөнүн узундугуна жараша болот. Ал эми астыңкы жана үстүңкү стропиланы тирөөчү дубал ичиндеги такта стум деп аталып, узундугу үйдүн бийиктигине жараша болот. Дубал ичинде жантайкы тирөөч такталар кыйды деп аталат.

16 метр чарчы бөлмөнүн сынчына жалпы 5 куб такта керектелет. Бир куб тактанын суммасы 12 миң сом болгондуктан, аталган бөлмөгө 60 миң сом акча сарпталат. Ал эми керектелүүчү материалдар сиздин куруп жаткан курулушуңуздун көлөмүнө жараша керектелет.

 

  • Жыгач
  • Сарап 68 метр 8х10
  • Стум 20 метр 8х10
  • Кыйды 48 метр 8х10
  • Уваста 2 см х10,005 куб
  • Торсун 420 метр 8х10

 

Бул курулуш материалдары теректен жана кызыл карагайдан жасалат. Баткен жергеси кошуна өлкөлөр менен чектеш жайгашкандыктан, эл коңшу Тажикстандан атайын кызыл карагайды сатып алышат. Анткени үй бекем болот. 

© Фото / Феруза Аскарбек кызыҮй салуудагы сынч ыкмасы
Үй салуудагы сынч ыкмасы - Sputnik Кыргызстан
1/2
Үй салуудагы сынч ыкмасы
© Фото / Феруза Аскарбек кызыҮй салуудагы сынч ыкмасы
Үй салуудагы сынч ыкмасы - Sputnik Кыргызстан
2/2
Үй салуудагы сынч ыкмасы
1/2
Үй салуудагы сынч ыкмасы
2/2
Үй салуудагы сынч ыкмасы

Кулактуу болом деп… айтор, үнөмдөйм десеңиз, үйсүз каласыз

Үй салуу күн жылыгандан тарта күздүн акыркы айына чейин уланат. Бул аралыкта усталар аз дегенде ар бир айда 4-5 үй салышат. Сынч үйлөрдүн ар бир бөлмөсүнө эки күн убакыт кетет. Тактап айтканда, 8 күндө 5-6 бөлмөгө сынч уруп бүтүшөт. А эгер жеке сынч болсо, анда эки эсе эрте аяктайт. Бирок уста баасы бирдей болот.

Сынч үйдү да өзүңүздүн каалоонузга жараша заманбап кылып ичи-сыртын жасалгаласаңыз болот. 

Празднование золотой свадьбы в семье алтайских казахов Дюсенби и Марии Кобдобаевых - Sputnik Кыргызстан
Конуш жайлуу болсун! Өрлүктөө салтынын маани-маңызы
Бирок "чымчыкты да касапчы сойсун" демекчи, сынч кагууда да билген устаны жалдабаса, анда курулуш ээси кийин чыгымга учурашы ыктымал. Анткени такталар туура эмес кагылса көп жылга туруштук бере албайт.

Чыгымы аз бул ыкма менен там салып жашап жаткан тургундардын айтымында, сынч менен салынган үй жайкысын салкын, кышкысын жылуу, анан да сырттагы ызы-чууну ичке өткөрбөйт. Үйдүн дубалдары образдуу айтканда "дем алып" турат, аны кирпич үй же башка ыкмадагы тамдардай кылып желдетип туруунун кажети жок. Сынч үйдүн дубалынын калыңдыгы 40тан 80 сантиметрге чейин болот.

Өз маегинде Баткен шаарынын тургуну Абдисаттар Тургунов биз сөз кылып жаткан үйлөрдүн артыкчылыгы тууралуу айтып берди.

"Биз жашап жаткан үйдүн курулганына 30 жылдан ашты. Атамдар дал ушул ыкмада салышкан, анын жанына мен кирпичтен там тургузган элем. Экөөнүн айырмасы бар. Акыркы 20 жылдан бери эл кайра сынч ыкмасына өтө баштады", — деди ал.

Тургунов азыр чайкана, мечит жана тамдардын көпчүлүгү сынч менен салынып калгандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0