Немис компаниясы кыргызстандыктарга гемодиализ кызматын көрсөтөт

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүГемодиализ. Архив
Гемодиализ. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан гемодиализ кызматы көрсөтүүчү чет элдик компаниялар арасында сынак өткөрдү

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Бүгүн, 15-август күнү, Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрилиги менен германиялык Fresenius Medical Care компаниясынын ортосунда гемодиализ кызматын көрсөтүү боюнча келишимге кол коюларын Инвестиция жана экспортту өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

Бул мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде Кыргызстанда ишке ашып жаткан биринчи келишим.

"Аталган компания эл аралык сынактын негизинде Кыргызстандын бардык мыйзамдарына ылайык тандалды", — деп айтылат билдирүүдө.

Бул долбоордун алкагында Fresenius Medical Care компаниясы Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарынын тургундарына кызмат көрсөтөт.

Кыргызстанда гемодиализ кызматынын бир жолку сеансы 7 миң сомго чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0