Кырдаал курчугунда Генштаб суроо-сопкутсуз алып коюшу мүмкүн болгон унаалар. Тизме

Жазылуу
Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитет согуш маалында жеңил машина, жол тандабастарды, ошондой эле жүргүнчү ташуучу унааларды да алып кое алат.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Кыргызстанда зарыл учурда жарандардын автоунааларын алып коюуга уруксат берчү токтом коомдук талкууга коюлду. Документ Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитет тарабынан КР өкмөтүнүн сайтына жарыяланган.

Sputnik Кыргызстандын кабарчысына коргоо мекемесинин мобилизациялоо башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурлан Мамбетсеитов түшүндүргөндөй, бул долбоор саамалык болот.

Общественный транспорт в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жол кире: чекисттерге бекер, ал эми СССР депутаттары акы төлөп жүрмөкчү. Жаңы токтом
Анын айтымында, аскердик-транспорттук милдеттенмелер туурасындагы 2000-жылкы токтом абдан чийки. Себеби, аны 1999-жылдагы Баткен окуяларынан көп өтпөй эле кабыл алышкан.

Токтомдун долбоору "Аскердик абал жөнүндөгү" конституциялык мыйзамдын 5, 16, 17 жана "Коргоо жана КР Куралдуу күчтөрү жөнүндөгү" мыйзамдын 3, 16, 18-беренелерине негизделген.

Токтом долбоорунда аныктама жана тартип, ошондой эле калктан алына турган унаалардын тизмеси да камтылган.

"Мамлекеттик органдардын да, жеке ишкана жана жарандардын да автомобилдеринин эсебин жүргүзөбүз. Адатта даярдыкка биз унаалуу айдоочуларды жалдайбыз. Согуш мезгилинде башкача болот. Бирок ар бир алынган унаанын чыгымын мамлекет төлөп берет. Мында жарандардын укугун кемсинтилип калат деген кеп болбоого тийиш", — деди ал.

Унаалардын эсеби мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары менен биргеликте жүргүзүлөт.

Долбоордун жобосуна ылайык, аскердик-транспорттук милдеттенме мамлекеттик, жергиликтүү органдардарга, юридикалык тараптарга жана жарандарга тарайт. Ал чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү, консулдук мекемелери жана жарандыгы жок адамдарга тийиштүү эмес.

Алынбай турган унаалар төмөнкүлөр:

  • медициналык тез жардам, кан куюу станцияларынын автомобилдери жана атайын жабдылган ыкчам жардам автолору;
  • почталык транспорттук каражаттар;
  • инкассатордук машиналар;
  • ветеринардык кызматтын унаалары;
  • троллейбустар;
  • заводдун ички транспорттук каражаттары;
  • электр түйүндөрүн оңдоо жана тейлөө боюнча техникалык көмөк машиналары;
  • газ менен жүргөн унаалар.

Согуш кырдаалында калктан алына турган автотранспорттун тизмеси да жободо камтылган:

  • ар кандай жолдон өтүп кете ала турган кубаты бийик иштеткичтүү жеңил авто;
  • кыймылдаткычы 2500 куб сантиметр жана андан көп көлөмдөгү кыймылдаткычтуу жолтандабастар;
  • сол тараптуу башкарылган, жети же андан ашык орундуу унаа;
  • 1,5 тонна жана андан жогорусалмактагы жүк ташый ала турган автомобилдер;
  • тиркегич, чиркегич жана жарым чиркегич, фургон, 1500 литр жана андан ашык баткан автоцистерна, күйүүчү май куюучу унаалар;
  • 10 жана андан ашык жүргүнчү ала турган автобус жана кичиавтобустар;
  • көп октуу дөңгөлөк-тиркегичтер, ташуучу-тиркегичтер;
  • дөңгөлөктүү же жазы чынжырлуу тракторлор, трактордук чиркегичтер;
  • атайын дөңгөлөктүү жана жазы чынжырлуу шассилер;
  • техникалык тейлөө, оңдоо жана ташуучу каражаттар;
  • бардык түрдөгү жана үлгүдөгү жол-курулуш техникасы;
  • өйдө көтөрүүчү-транспорттук техника (абадагы крандар)
  • шасси, автожүктөгүч, трактордук жүктөгүчтөр, электржүктөгүчтөр, жылма конвейерлер;
  • чийнелүү жана жүк ташуучу каражаттар (жеке катталган 4-7 жаштагы жүк артылуучу, жүк ташуучу жана обоз аттары, араба, эшектер);
  • жылдырыла турган резервуар, күйүүчү-майлоочу материалдар жана атайын суюктуктар сактала турган тара, май куюуга керектелчү жабдыктар, запастык бөлүктөр жана шаймандар топтому, жеке курамды ташууга орундуктар, жарадар жана бейтаптарды таңууга зарыл болчу жабдыктар;
  • алынган маалдан 10 жылдан эски болбогон, 500 куб сантиметр жана андан ашык көлөмдөгү мотоцикл, квадроциклдер.

Зыянды төлөп берүү

Производство автомобилей корейских марок на предприятии Автотор - Sputnik Кыргызстан
Автоунааңызга канча салык төлөшүңүз керек. Калькулятор
Болжолдуу согуштук абал токтотулган соң юридикалык тараптарга автолор кайтарылып, ал эми келтирилген зыяндар колдонуу жана унаанын абалынын деңгээлине жараша ошол убактагы базар баасына карата эсептелип төлөнөт.

Ал эми автомобилдерин тапшырган жарандарга келтирилген чыгымдын өлчөмүн өкмөт аныктайт. Согуштук мезгил токтотулгандан кийин аларга да унаалары кайтарылат. Чыгымды өкмөт жаап берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0