01:29 22 Баш оона 2017
Түз эфир
Нарын районунун Эмгекчил айыл өкмөтүндө дүкөндө сатыкта турган 400 миң сомдук спирт ичимдиктери жок кылынды

Нарындын Эмгекчили ичкиликтен баш тартууда. 300 миң сомдук арак-шарап талкаланды

© Sputnik / Нурзада Мукашева
Коом
Кыскача шилтеме алуу
38610

Мындан ары айылда ичимдик сатылбайт, ал эми жашыруун саткандарга чара көрүлмөкчү

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Нарын районунун Эмгекчил айыл өкмөтүндө дүкөндө сатыкта турган 400 миң сомдук спирт ичимдиктери жок кылынганын аймактык кабарчы билдирди.

  • Нарын районунун Эмгекчил айыл өкмөтүндө дүкөндө сатыкта турган 400 миң сомдук спирт ичимдиктери жок кылынды
    Нарын районунун Эмгекчил айыл өкмөтүндө дүкөндө сатыкта турган 400 миң сомдук спирт ичимдиктери жок кылынды
    © Sputnik / Нурзада Мукашева
  • Уничтожение алкогольной продукции в селе Эмгекчил Нарынской области
    Айыл жаштары ичкиликке тыюу салууну үч ай мурда демилгелеп, дүкөндөрдөгү арак-шараптарды сатып алууга каражат чогултушкан.
    © Sputnik / Нурзада Мукашева
  • Уничтожение алкогольной продукции в селе Эмгекчил Нарынской области
    4 миңге чукул эли бар Эмгекчилдеги 10го жакын дүкөндүн бешөөндө алкоголдук ичимдиктер сатылып келген.
    © Sputnik / Нурзада Мукашева
  • Уничтожение алкогольной продукции в селе Эмгекчил Нарынской области
    Жаштардын айтымында, соодаргерлер менен сүйлөшүүдөн эч майнап чыккан эмес. 11-август күнү бир эле соода түйүнүнөн 300 миң сомдук арак-шараптарды сатып алып, айылдын четинде талкалап жок кылышкан.
    © Sputnik / Нурзада Мукашева
1 / 4
© Sputnik / Нурзада Мукашева
Нарын районунун Эмгекчил айыл өкмөтүндө дүкөндө сатыкта турган 400 миң сомдук спирт ичимдиктери жок кылынды

Маалыматка ылайык, айыл жаштары ичкиликке тыюу салууну үч ай мурда демилгелеп, дүкөндөрдөгү арак-шараптарды сатып алууга каражат чогултушкан.

"4 миңге чукул эли бар Эмгекчилдеги 10го жакын дүкөндүн бешөөндө алкоголдук ичимдиктер сатылып келген. Жаштардын айтымында, соодаргерлер менен сүйлөшүүдөн эч майнап чыккан эмес. 11-август күнү бир эле соода түйүнүнөн 300 миң сомдук арак-шараптарды сатып алып, айылдын четинде талкалап жок кылышкан. Калган беш айылдын сатуучулар спирт ичимдиктерин сатуудан өз ыктыярлары менен баш тарткан", — деди кабарчы.

Мындан ары айылда ичимдик сатылбайт, ал эми жашыруун саткандарга чара көрүлмөкчү.

Эскерте кетсек, буга чейин да Ат-Башы, Токтогул, Ноокат, Ысык-Көл, Кара-Кулжанын, Оштун бир катар айылдарында жергиликтүү жашоочулар өз ара сүйлөшүү жолу менен спирт ичимдиктеринин сатылышына тыюу салышкан.

Тема боюнча

Кыргызстанда спирт ичимдиктерине акциздик салыктын баасын көтөрүү сунушталууда
Ошто үч машина арак-шарап талкаланды. Видео
Алайкууда спирт ичимдиктери таштандыга ыргытылып, сатууга тыюу салынды
Көлдүн Өрнөк айылында спирт ичимдиктери төгүлүп, сатууга тыюу салынды
Белгилер:
дүкөн, арак, Нарын облусу

ЭҢ МААНИЛҮҮ