Кытайда төөлөрдү сактап калуу үчүн 145 кен иштетүү жайлары жабылат

© Sputnik / Игорь Михалев / Медиабанкка өтүүТөөлөр. Архив
Төөлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда 130 кен иштетүүчү жай толугу менен ишин токтотсо, 15и лицензиясынын убактысы бүтөөрү менен жумушун аягына чыгарат.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Кытайда эки өркөчтүү төөлөрдүн саны кыскарып бара жаткандыктан Синьцзян-уйгур автономдуу облусундагы 145 алтын жана темир кендери жабылат. Бул тууралуу РИА Новости China Daily басылмасына таянып кабарлады.

Жительница Киргизии - Sputnik Кыргызстан
Төөгө байланыштуу элдик ишенимдер. Тайлак туулганда кадимкидей берилген жентек
Учурда 130 кен иштетүүчү жай толугу менен ишин токтотсо, 15и лицензиясынын убактысы бүтөөрү менен жумушун аягына чыгарат.

Кытай бийлиги 2020-жылга чейин сейрек кездешкен жаныбарлар жашаган Лобнор жаратылыш багынын жанындагы бардык кен казуучу жайлардын ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча чечим чыгарган.

Лобнор жаратылыш багы 1986-жылы түзүлүп, анын жалпы аянты 60 миң чарчы метрди түзөт. Бул жерде 600 чукул жапайы төө жашайт.

Окумуштуулар аталган аймакта кен казуучу жайлардын тынбай иштөөсүнөн улам жаратылыш багы экологиялык кыйын кырдаалга кабылганын билдиришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0