Экотехинспекция: "Кара-Суу" базарына өрт өчүрүүчү унаа кире албайт

Жазылуу
Машыгууга өрт өчүрүүчүлөр жана техникалык коопсуздук кызматкерлери катышкан

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. "Кара-Суу" борбордук базарында өрт коопсуздуктары сакталбай, ал жакка тилсиз жоону өчүрүүчү унаалар кире албайт. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынан кабарлашты.

Өзгөндүн борбордук базарында таңда тутанган өрттүн кесепеттери - Sputnik Кыргызстан
Өзгөн базарынын соодагери: өрттөн кийин алты футболкамды кармап кала бердим
Маалыматка ылайык, Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан ири базарда өрт коопсуздугу боюнча машыгуу өткөрүлдү. Ага куткаруучулар жана техникалык коопсуздук кызматкерлери катышкан. Тилсиз жоону алдын алууга багытталган иш-чарада базардын ичине өрт өчүрүүчү автоунаалардын кире албай калышына башаламан жайгашкан соода орундары себеп болгон.

Андан сырткары, инспекция кызматкерлери базардагы Тез татым жайларын текшерген. Анда газ баллондорду колдонгон күркөлөр өрт коопсуздугун сактабай келгендигин аныктап, аларга эскертүүлөр берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0