01:53 21 Тогуздун айы 2017
Түз эфир
Жаш эне Бегимай дүлөйлүк менен ооруган уулу Алишер менен

Баламдын дүлөй экенин билбей эле... Эненин муң-зары

© Sputnik / Максат Элебесов
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Гүлдана Талантбекова
2951 0 0

Угуу жөндөмүнөн ажыроо адам үчүн чоң көйгөй. Эгерде кулак укпаса бара-бара сүйлөө жөндөмдүүлүгү да жоголот.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун ЛОР бөлүмүнүн башчысы Чолпон Бейшееванын айтымында, өлкө боюнча дүлөй балдардын саны 320га жетет.

Заведующая ЛОР отделением НЦОМиД Чолпон Бейшеева в рабочем кабинете
© Sputnik / Гулдана Таланбекова
Оториноларинголог Чолпон Бейшеева: адам укпаса, бара-бара сүйлөө жөндөмдүүлүгүнөн да ажырайт

Журналист Гүлдана Талантбекова балдар арасындагы "дүлөйлүк" дарты жана анын келип чыгуу кесепети, дарылоо жолдору тууралуу билип көрдү.

Жаш эне Бегимай акыркы эки айдан бери ичкени ирим, жегени желим болуп турган кези. Анын 2 жаш жети айдагы Алишер аттуу чүрпөсү апасынын үнүн уга албай жакындарын санаага салып келет.

"Бала бакчага барып жүргөндө эжеси "атын айтсам карабайт, укпайт" дегенинен, балабыз өзү баамчыл болбосо керек деп ойлогонбуз. Күйөөм тараптан балдар кеч сүйлөйт, кызым да эки жаштан өткөндөн кийин сүйлөгөн. Бир чети тукум куучулуктан көрдүк", — дейт баланын апасы.

Алишер айлана-чөйрөнү укпаганына кыжаалаттанып, ыйлаганы күчөгөндө ата-энеси алгач невропатологго, кийин сурдологго барып аудиограммага текшерилгенде "баланын кулагы укпайт" деген жоопту алышкан.

Бишкекчанка Бегимай с глухо-немым сыном Алишером в радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Максат Элебесов
Бегимайга дарыгерлер баланы канчалык эртерээк операция жасатса ошончолук жакшы экендигин эскертип келишет

"Дарыгерлер кулактагы үлүлчөнүн нервдик системасы жооп бербегендиктен угуу жөндөмдүүлүгү болбой жатат дешти. Операция жолу менен кохлеардык имплант коюп баланын угуу жөндөмүн калыбына келтирүүгө болот экен. Тилекке каршы, бизде андай операциялар жасалбайт. Польшада бир кулагын 30 миң долларга жасап беришет экен. Жок дегенде бир кулагын жасап алганга макул элек", — деди баланын апасы.

Бегимай учурда операцияга каражат издеп жаткан чагы. Жолдошу менен батирде турушат, тапкан тыйындары күнүмдүк турмуштан ашпайт. Дарыгерлер баланы канчалык эртерээк операция жасатса ошончолук жакшы экендигин эскертип келишет.

Дүлөйлүк деген эмне?

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун ЛОР бөлүмүнүн башчысы Чолпон Бейшееванын айтымында, дүлөйлүк – кулактын караманча укпай калышы же өтө начар угушу. Мында оорулуунун эки кулагы тең же бир жагы укпай калат. Дарыгер өлкө боюнча дүлөй балдардын саны 320га жетерин белгилеп өттү.

Ал балдар арасында дүлөйлүктүн түрлөрү, келип чыгышы, дарылоо боюнча төмөнкүлөрдү айтып берди.

Дүлөйлүктүн себептери жана түрлөрү

Катуу үндөр. Маселен катуу чыккан музыка, үндөр клеткалардын жабыркашына алып келет дагы өрчүп кетсе дүлөйлүккө жетелейт.

Кулактагы инфекция. Мында кулактын ичи ириңдеп, канап, жагымсыз жыт чыгат. Гигиенаны сактабаса угуу начарлап кетиши мүмкүн.

Тубаса дүлөйлүктүн себептери:

  • Бала түйүлдүктө жаткан кезде доо кетиши
  • Келиндин кош бойлуу кезинде инфекциялардын аралашышы
  • Болочок эненин чылым тартып, ичимдик ичиши
  • Дары-дармектин терс таасири
  • Боюнда бар кезде жаракат алуу

Кийинчерээк пайда болгон дүлөйлүктү өтүшүп кеткен инфекция, түрдүү жаракаттар, кан айлануунун бузулуусу, кулактагы чуулдоого маани бербегендик шарттайт. Айта кете турчу нерсе дүлөйлүк тукум куубайт.

  • Нейросенсордук дүлөйлүк. Маалымат кабыл алуу органынын бузулушу
  • Кондуктивдик дүлөйлүк. Маалымат өткөрүү органынын бузулушу
  • Аралаш дүлөйлүк. Өзүнө нейросенсордук да, кондуктивдик да ооруну камтыйт.

Диагностика

Дүлөйлүктү аныктоо үчүн аудиометриялык аппарат колдонулат. Эгерде дүлөйлүк эмес, кулактын укпай калуусу кездешсе бейтап сурдологго жиберилет.

Дүлөйлүктү дарылоо

Дүлөйлүктү көп убакытка создуктуруу угуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат. Өзгөчө жаш балдар 3 жашка чейин жакшы укпай, кийин да дарыланбаса дүлөй болуп калышы ыктымал. Адам укпаса, сүйлөө жөндөмдүүлүгүнөн да ажырайт.

Медицинада дүлөйлүктү консервативдүү жана хирургиялык жол менен дарылоо мүмкүн.

Консервативдик дарылоо

Курч жана катуу кармаган учурда бейтапканада дарыланып, себебин аныктап, дарылануу курсу жазылат. Дары-дармек, физиотерапиялык дарылоо жүргүзүлөт.

Хирургиялык дарылоо

Нейросенсордук дүлөйлүктө операция жолу менен кохлеардык имплант коюлат. Операцияда бейтаптын мээсине маалымат бере турган жасалма нервдик электрод салынат. Операциядан кийин угуу жөндөмдүүлүгү акырындык менен калыптанат.

Бирок мындай операция Кыргызстанда жасалбайт. Акчасы да оңой эмес. Ошол себептен чет мамлекеттеги бейтапканаларда жасашат.

Операциядан кийин балдардын угуу жөндөмдүүлүгүн жакшыртуу үчүн сурдолог, логопед, дефектолог, балдар психологу өңдүү адистер көмөктөшөт.

Тема боюнча

Катары суюлган дарыгерлер. Рейтинг
Кыргызстанда ар бир 14 саатта бир киши ВИЧ дартына чалдыгат
Белгилер:
дүлөй, дарылоо, оору, дарыгер, ден соолук

ЭҢ МААНИЛҮҮ