Сак болуңуз! Бишкекте катуу шамал болот

Жазылуу
Синоптиктер жума күнү жаан жаай турганын болжолдошкон

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Алдыдагы үч саатта Бишкек менен Чүй облусунда катуу шамал болорун, анын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге чейин жетерин Кыргызгидрометке таянуу менен мэрия билдирди.

Новые мусорные контейнеры европейского стандарта в Октябрьском районе Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте таштанды челектин дөңгөлөктөрү уурдалууда
Бөөдө кырсыктардын жана унаа жабыркоосунун алдын алуу үчүн муниципалитет машиналарды бак-дарактардын жанынан оолак коюуну эскертет.

Буга чейин Кыргызгидромет ысыктан кийин жаан жаай турганын айткан.

Кандайдыр бир окуяга туш болсоңуз Call-борборго 185 жана 1840 номерлери боюнча чала аласыз. Аны менен бирге көйгөйдү айтуу менен 0 (554) 18-21-85 телефону аркылуу сүрөттөрдү жөнөтүүгө болот.

Мэрия кооптуу бак-дарактар тууралуу төмөндөгү телефондор аркылуу кабардар кылууну өтүнөт:

  • Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0557- 99-79-27;
  • Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0554 95-55-09;
  • Шарапов Руслан Эсенбекович (Биринчи Май району) — 0558 33-66-40;
  • Матмусаев Марат Маманович (Свердлов району) — 0555 44-71-54.
Жаңылыктар түрмөгү
0