Бишкекте таштанды челектин дөңгөлөктөрү уурдалууда

© Фото / пресс-служба мэрии города БишкекНовые мусорные контейнеры европейского стандарта в Октябрьском районе Бишкека
Новые мусорные контейнеры европейского стандарта в Октябрьском районе Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан улам шаар бийлиги муниципалдык мүлккө жана искусство объектилерине аяр мамиле кылууга чакырат

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Бишкектеги таштанды челектеринин 71 дөңгөлөгү уурдалды. Бул тууралуу мэрия кабарлады.

"Тазалык" муниципалдык ишканасынын маалыматына ылайык, таштанды челектеринин дөңгөлөктөрү жай мезгилинде чечилип кеткен. Аны ишкананын кызматкерлери кайра тагып чыгышты.

Мындан улам шаар бийлиги муниципалдык мүлккө жана искусство объектилерине аяр мамиле кылууга, коомдук жайлардагы мыйзамсыз аракеттер тууралуу укук коргоо органдарына тез арада кабарлап турууга чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0