10:52 21 Тогуздун айы 2017
Түз эфир
Бишкек шаардык Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөн Чотоновдун иши

Өмүрбек Текебаев сотто Megacom мамлекетке кантип алынганын айтты

© Sputnik / Расул Усеналиев
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Өмүрбек Текебаев камакка алынды (85)
550 0 0

Текебаев "Альфа телеком" (Megacom) боюнча өз пикирин айтып, ал Убактылуу өкмөт учурунда кантип мамлекетке алынганын айтты.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Бишкек шаардык Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөн Чотоновдун иши каралып, тараптардын жарыш сөзү уланууда.

Текебаев "Альфа телеком" (Megacom) боюнча өз пикирин айтып, ал Убактылуу өкмөт учурунда кантип мамлекетке алынганын айтты.

"Megacom компаниясын декрет менен компенсациясы жок эле мамлекетке алганбыз. Аны ишке ашырууда 288-берене жетекчиликке алынган", — деди ал.

Белгилей кетсек кечээ, 10-августта башталган жарыш сөз учурунда мамлекеттик айыптоочу Текебаевди 10-жылга, Чотоновду 8 жылга кесип, мүлкүн мамлекетке алууну суранган. Ошондой эле алар абактан чыккандан кийин 3 жылга чейин мамлекеттик жумуштарда иштей албасын деген сунуш келтирген.

Жарыш сөз маалында Текебаев өзүн жаман сезип Тез жардам чакыртылган. Кийин депутаттын кан басымы көтөрүлүп кеткени аныкталган. Андан сырткары, сот ишине төрагалык кылган судья Айбек Эрнис уулу да өзүн жаман сезгендиктен ага да медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-февралында Башкы прокуратура "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге жана башка адамдарга карата КР Кылмыш жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү (коррупция) жана 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2-3-пункттарында (алдамчылык) камтылган белгилер боюнча кылмыш ишин козгогон.

Козголгон кылмыш иштин алкагында Текебаев менен Чотонов кармалган. Россиялык бизнесмен Леонид Маевский Текебаев "Альфа Телеком" (Megacom) компаниясынын башкармалыгына кирүүгө мүмкүнчүлүк берүү үчүн бир миллион доллар алды деп айтып, депутаттын үстүнөн арыз жазган.

Тема:
Өмүрбек Текебаев камакка алынды (85)

Тема боюнча

Жогорку сот БШКнын талаштуу чечимин Текебаевдин пайдасына чечти
Текебаевдин айынан БШКнын эки мүчөсү Шайлдабекованы сындап, ЖК төрагасына кайрылды
Сот: Текебаевдин тест тапшыруусуна БШК шарт түзүүгө милдеттүү эмес
Белгилер:
сот, Дүйшөнкул Чотонов, Өмүрбек Текебаев

ЭҢ МААНИЛҮҮ