Чүйдө эки майып адамдын үйү акысыз оңдолуп жылууланды

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевДостроен дом для семьи Шукуровых, средства на который выделил премьер
Достроен дом для семьи Шукуровых, средства на который выделил премьер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Долбоордун алкагында айылдагы жумушсуз жүргөн, бирок курулушка шыгы бар жаштар үйдү энергоэффективдүү каражаттар менен жылуулоону акысыз үйрөнүүдө

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Швейцариянын өнүгүү-кызматташтык уюму тарабынан Чүй облусунда эки майып адамдын үйү кышка карата акысыз оңдолуп, жылууланды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине долбоордун менеджери Жаныбек Пакыров билдирди.

Анын айтымында, мындай кайрымдуулук иштери айыл жеринде кайрымдуулук иштерин жана жашыл экономиканы жайылтуу долбоорунун негизинде ишке ашкан.

"Негизи Кыргызстанда үйдү жылуулоо боюнча бир топ эле уюмдар иш жүргүзүп келет. Ал эми бул долбоордун артыкчылыгы — колунда жок, жакыр жашаган, жетим, жесир, майып, оор турмушта жашаган үй-бүлөлөргө жардам берет. Ошондой эле долбоордун алкагында айылдагы жумушсуз жүргөн, бирок курулушка шыгы бар жаштар үйдү энергоэффективдүү каражаттар менен жылуулоону акысыз үйрөнүүдө", — деди Пакыров.

Мындай иш менен биринчиден аялуу катмардагы адамдардын үйү акысыз жылууланып калса, экинчи жагынан айылда жумушсуз жүргөн бош жаштарды бириктирип, аларды профессиналдык деңгээлдеги кесипке үйрөтүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0