Атамбаев жерлерди трансформациялоо боюнча мыйзамды колдогон жок

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүВесенняя посевная в Краснодарском крае
Весенняя посевная в Краснодарском крае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөртүүлөр өлкө боюнча 13 992 гектар сугат айдоо жерлерине салынган турак жайларды мыйзамдаштырмак

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев жерлерди трансформациялоо боюнча мыйзамга кол койгон жок. Ал документти кайрадан иштеп чыгуу үчүн артка кайтарды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан үстүбүздөгү жылдын 29-июлунда кабыл алынган.

"Мыйзамдагы өзгөртүүлөр жер участокторун трансформациялоодо коррупциялык тобокелдиктерди пайда кылат. Ошондой эле анда жердин багытын которуу механизмдери эске алынган эмес", — деп өлкө башчы билдирген.

Белгилей кетсек, өзгөртүүлөр өлкө боюнча 13 992 гектар сугат айдоо жерлерине салынган турак жайларды мыйзамдаштырмак.

Жаңылыктар түрмөгү
0