Бишкектин оңдолуп жаткан кээ бир көчөлөрү ачылды

© пресс-служба мэрии города БишкекВ Бишкеке открыто дорожное движение по улице Курманжан Датка
В Бишкеке открыто дорожное движение по улице Курманжан Датка - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл аталган ишкана шаардын 51 көчөсүн оңдоону пландаштырууда

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Борбор калаанын капиталдык ремонттон өткөн бир нече көчөсү ачылганын мэриянын маалымат кызматынан  билдиришти.

"Бишкекасфальтсервис" ишканасынын маалыматы боюнча Жаманбаев көчөсүнүн Манас проспектисинен Руставели көчөсүнө чейинки бөлүгүнөн, Ахунбаев көчөсүнөн №74 мектепке чейинки Безымянная көчөсүнөн унаалар каттай баштады.

"Жаманбаев көчөсүнүн туурасы 8 метр, узуну 400 метр болгон бөлүгү оңдолуп бүттү. Анын эки жагына унаа токтотуучу жайлар уюштурулуп, тротуарлар салынды. Безымянная көчөсүнүн эки жагына да тротуар түштү", — деп айтылат маалыматта.

Быйыл аталган ишкана шаардын 51 көчөсүн оңдоону пландаштырууда. Бул үчүн атайын техника сатып алынып,  асфальбетон чыгаруучу эки завод иштеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0