Чүй жана Бишкектин айрым жерлеринде эртеңден баштап газ өчүрүлөт

© Фото / пресс-служба ОсОО "Газпром Кыргызстан"Газ плитасы. Архив
Газ плитасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы бул аракеттердин бардыгы калкты газ менен туруктуу камсыздоо үчүн жасалып жатканын эскертет

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Оңдоо иштерине байланыштуу Чүй облусунун айрым жерлеринде жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынан кабарлашты.

Көгүлтүр от төмөндөгү аймактарда убактылуу берилбейт:

  • 11-августта саат 8:00дөн 17:00гө чейин Ленин айылынын Восточная көчөсүнөн №361, 453 үйлөрүндө жана Токмок шаарынын Шамсинская көчөсүнүн №1-23 үйлөрүндө;
  • 14-августта саат 8:00дөн 17:00гө чейин Токмок шаарынын Өзбек (№103-115 үйлөр), Пролетарская (№92-98 үйлөр), Казакстан №172-182, Шамсинская (№151 үй) көчөлөрү;
  • 14 —15-августта Бишкек шаарынын Бакаев көчөсүндөгү "Чапай" үйү;
  • 15-16-августта Бишкек шаарынын Салиева, Лермонтов, Фрунзе, Кантемировская көчөлөрүнүн ортосу;
  • 16-17-августта Бишкек шаарынын Каралаев көчөсүндөгү №25-27 үйлөр.

"Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы бул аракеттердин бардыгы калкты газ менен туруктуу камсыздоо үчүн жасалып жатканын эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0