Өлкөнүн түштүк аймагындагы медреселерде балдар кесиптикке үйрөнө баштады

Жазылуу
Мындай долбоор мурда Чүй облусунда дагы ишке ашып, медреселерде окуган 400дөй бала кесипке ээ болуп, сертификат алышкан.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы медреселерде окуган кыздар-балдар кесип үйрөнө баштады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине долбоордун менеджери Нарынбек Кыдыргычов билдирди.

Анын айтымында, медресе жаштарына ашпозчу-кондитер, тигүүчү, компьютерде иштеген адис сыяктуу кошумча кесиптер окутула баштады.

Тигүүчү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда кайсы кесипке суроо-талап күч? Рейтинг
"Бул үчүн аймактагы тандалып алган медреселер зарыл болгон шарттар менен камсыздалып, жаңы жабдуулар менен жабдылды. Долбоорду Кыргызстандагы АКШнын элчилиги каржылап, кесип үйрөнүүгө зарыл болгон жаңы шаймандар менен жабдууларды 550 миң сомдон ашык каражатка сатып берди. Долбоор социалдык максатты көздөп, жаштарды иш менен камсыз кылуу, алардын кирешесин көбөйтүүнү колдогондуктан бул кесиптерди үйрөнөм дегендерге чектөө жок", — деди Кыдыргычов.

Мындай долбоор мурда Чүй облусунда дагы ишке ашып, медреселерде окуган 400дөй бала кесипке ээ болуп, сертификат алышкан. Азыр ошол сертификат алгандардын 65 пайызы жумуш менен камсыз болуп, үй-бүлөсүн багууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0