Дүйнөнүн ар жериндеги достордун Instagram аркылуу түз эфирге чыгуусуна жол ачылды

© Sputnik / Табылды КадырбековУюлдук телефон кармап турган кыздын архивдик сүрөтү
Уюлдук телефон кармап турган кыздын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Instagram кожоюндары жаңы функция жалгыз эфирге чыгуудан тартынган колдонуучуларга арналганын билдирди

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Instagram социалдык тармагынын ээлери жаңы функцияны тестирлөөдөн өткөрүп жатканы фотосервистин расмий сайтына жарыяланды. 

Социалдык тармактардын телефондогу тиркемелери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Адистер WhatsApp менен Twitter өздүк маалыматтарды жашыра албастыгын айтышты
Эми Instagram колдонуучулары экиден биригип түз трансляция кыла алышат. Тагыраагы, бир колдонуучу түз эфир учурунда дагы бирөөнү эфирге чакырып, башкалар экиге бөлүнгөн экрандан экөөнү бирдей көрө алышат. Ал эми комментарийлерди жазуу шарттары мурдагыдай эле калтырылды.

Ошондой эле түз трансляцияны демилгелеген киши экинчисин өчүрүп салып, анын ордуна башка колодонуучуну кошо алат.

Жакынкы айларда кеңири колдонууга берилчү бул функцияны учурда саналуу гана адамдар пайдаланып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0