Бата берүүгө байланыштуу 6 "болбойт"

© AP Photo / Vladimir VoroninПраздничное мероприятия "Тысяча женщин в ак-элечеке — 2017" в Бишкеке
Праздничное мероприятия Тысяча женщин в ак-элечеке — 2017 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бата менен эл көгөрөт, жамгыр менен жер көгөрөт дегендей, кыргыз эли байыртадан батага өзгөчө маани берип, анын күчүнө, касиетине ишенип келишкен. "Бата алган адамдын тилеги орундалып, жерде калбайт" деп улуу муун ар дайым аксакал карыялардын батасын алып, түбүн ичкенге ашыккан.

Бата берип жаткан аксакалдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Өргөөңөр башка, казаныңар ашка толсун! Бата деген эмне?
Азыр да бул салт күчүн жогото элек. Бирок анын баркы бир аз өзгөрүп, түшүп баратканын этнографтар айтып жүрөт. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги этнограф Октябрь Капалбаевдин жардамы менен бата берүүдөгү болбой турган учурларды санап көрдү.

Кур аякка бата жүрбөйт. Кыргыздар бата алыш үчүн сөзсүз алгач дасторкон жайып, кан чыгарып, адамдардын курсагын тойгузган. Соңунда гана бата алган.

Себеби жок бата сурабайт. Негизи той-ашты элдин батасын алуу үчүн өткөрөт. Үйлөнүү тойдо "алганың менен тең кары" же келинге карата "көшөгөң көгөрсүн" сыяктуу сөздөр батага барабар болгон. Ошондой эле алыс сапарга кетип жатканда, кырсык чалганда да элдин батасын алыш үчүн түлөө өткөргөн. Элибиз эч качан себеби жок элди батага чакырган эмес.

Жөн киши бата бербейт. Батаны сөзсүз айылдын аксакалы, көптү көрүп-билген, акылман, улуу адамдар берген. Элге, эл ичинде той же түлөө берип жаткан адамга Жараткандан жакшылык, токчулук, аманчылык сурайт. Ошондой эле бата берген адам аны супсак кылбай, маанилүү кылып өтүп жаткан тойго ылайыктап туруп айтуусу керек.

Кош бойлуу аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кош бойлуу келинге тиешелүү 12 "болбойт"
Жаш бала бата бербейт. Кыргызда эч качан жаш бала бата берген эмес. Азыркы учурда тойлордо айрым жаш тамадалар бата беришет. Аны батанын "шаблону" деп да коюшат. Жаш бала бата сурайт, бирок аны улуу адам берет.

Алакан жайбай бата бербейт. Бата айтылып жатканда сөзсүз ошол жердеги адамдын баары алакан жайышы керек. Канчалык алакан жайган адам көп болсо, бата ошончолук кабыл болот деп айтып коюшат.

Бата берилмейин эл тарабайт. Той же түлөө болобу, сөзсүз бата тиленгенден кийин гана эл үйүнө тараган. Ошондой эле үйдө болсо да бата кылынмайынча дасторкон четинен туруп кетүү уят деп эсептелет.

Жаңылыктар түрмөгү
0