Министр Батыралиев жол кырсыгынын күн санап көбөйүшүнө кейиди

© Sputnik / Табылды КадырбековМинистр здравоохранения КР Батыралиев Талантбек
Министр здравоохранения КР Батыралиев Талантбек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгынан кийин ден-соолукту чыңдоого же адам өлгөндөн кийинки чыгымга кеткен каражаттын көптүгүн айткан министр жолдогу көзөмөлдү күчөтүүгө чакырды

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев акыркы кездерде күн санап көбөйүп жаткан жол кырсыктарынын алдын алуу үчүн көзөмөлдү күчөтүү боюнча кайрылуу жасагандыгын аталган ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.

"Бүгүнкү күндө болуп жаткан жол кырсыктары кайсы бир тарабы менен дээрлик бардык үй-бүлөгө тие кетип жатат. Бирок ар бир жол кырсыгына өзүбүз эле күнөөлүү экенибизди мойнубузга алгыбыз келбейт. Анткен менен дарыгерлерге алгачкы жардам көрсөтүү боюнча дооматтар көп. Бизде санавиация жок, жолдорубуз начар. Ошол себептүү жол кырсыгы болгон жерге алгачкы мүнөттөрдө жетип, тиешелүү жардам көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк жетпейт", —деди министр.

Анын айтымында, мындан чыгуунун бир гана жолу бар. Бул — жол кырсыктарын азайтуу.

ДТП в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Сузактагы жол кырсыгы үч адамдын өмүрүн алды
Унаа кырсыгынан кийин ден-соолукту чыңдоого же адам өлгөндөн кийинки чыгымга кеткен каражаттын көптүгүн айткан министр жолдогу көзөмөлдү күчөтүүгө чакырды.

"Мисалы, өзүм билемдик менен жүргүнчүлөрдү ташып жүргөн айдоочулар текшерүүгө алынышы керек. Эгер такси кызматын көрсөткүсү келсе, бир нече адам топтолуп, тиешелүү документтерин алсын. Болбосо жүргүнчү ташып иштеген унаалардын атайын белгиси дагы жок", — деди Батыралиев.

Ошондой эле ал дал ушундай көрүнүш медицинада өз алдынча кызмат көрсөткөн адистер арасында дагы бар экенине токтолду.

Жаңылыктар түрмөгү
0