Россия берген эки учак Кыргызстанга келди

© Sputnik / Георгий Зимарев / Медиабанкка өтүүАн-26 үлгүсүндөгү учак. Архив
Ан-26 үлгүсүндөгү учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атамбаев мамлекеттин тышкы чек араларын чыңдоо жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттыруу керектигин айтты

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы Раимберди Дүйшөнбиевди кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Айдоочулук күбөлүк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Путин КР жарандарына Россияда өз күбөлүгү менен машина айдоого уруксат берди
Жолугушуунун жүрүшүндө Дүйшөнбиев өлкөнүн Куралдуу күчтөрүн чыңдоо жана мындан ары өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар, башкаруу органдарын оптималдаштыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин негизги жыйынтыктары туурасында маалымат берди.

Ал ошондой эле Кыргызстанга аскердик-техникалык жардам көрсөтүүнүн алкагында Россия тарабынан берилген аскердик-техникалык эки учактын келгендиги туурасында маалымдады. Учурда Кыргызстанга учакты расмий өткөрүп берүүнү уюштуруу болжолдонуп жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, буга чейин Россия Кыргызстанга Ан-26 үлгүсүндөгү эки учак берери кабарланган.

Атамбаев мамлекеттин тышкы чек араларын чыңдоо жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттыруу керектигин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0