Ош, Талас, Нарындагы соцобъектилерге Германиядан алынган жардам берилет

© Фото / пресс-служба МИД КРыргызстандын Германиядагы элчилиги 5-августта медициналык каражаттар, компьютер, принтер жана кийилген кийимдерди Ош, Талас жана Нарын облустарындагы балдар үйү менен ооруканаларга жеткирип берүүнү уюштурду
ыргызстандын Германиядагы элчилиги 5-августта медициналык каражаттар, компьютер, принтер жана кийилген кийимдерди Ош, Талас жана Нарын облустарындагы балдар үйү менен ооруканаларга жеткирип берүүнү уюштурду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Гуманитардык жардам Германиянын аймагында элчиликтин кызматкерлери жана этникалык немис Якоб Петерс тарабынан чогултулган.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Кыргызстандын Германиядагы элчилиги 5-августта медициналык каражаттар, компьютер, принтер жана кийилген кийимдерди Ош, Талас жана Нарын облустарындагы балдар үйү менен ооруканаларга жеткирип берүүнү уюштурду. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, гуманитардык жардам Германиянын аймагында элчиликтин кызматкерлери жана этникалык немис Якоб Петерс тарабынан чогултулган.

"Жардам Ош облусунун Кара-Суу районундагы дүлөй балдар мектеп-интернатына, Нарын облусунун Кочкор районундагы аймактык ооруканага жана Талас облусунун Манас районундагы дарыгерлердин жалпы практикалык борборуна берилет", — деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары, Исхак Раззаков атындагы кыргыз-техникалык университетине маммографиялык жабдууну алып келип берүүгө элчилик жардам берген. Аталган жабдуулар Берлин шаарындагы Бойт атындагы жогорку техникалык мектеп менен кыргыз-техникалык университетинин жогорку окуу жайлар ортосундагы өнөктөштүктүн алкагында ишке ашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0