Өлкөдөгү 700дөн ашык мектеп директору башкаруунун ыкмаларын үйрөнүштү

Жазылуу
Окутуулар учурда беш облуста жыйынтыкталып, Жалал-Абад менен Ош облусунда уланууда.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Өлкө аймагындагы 700дөн ашык мектеп директору атайын окутуудан өтүштү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, эффективдүү башкаруу боюнча сабактар Ысык-Көл, Чүй, Талас, Нарын жана Баткен облустарында өткөрүлүп, учурда Жалал-Абад менен Ош облусунда уланууда.

Анда 772 мектеп жетекчиси билим берүү мекемелеринин бюджетин талкуулоо, каржы башкаруусу, пландоо жана мектептерди өнүктүрүү боюнча кесипкөйлүгүн жогорулатышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0