Колтугу жок эле кол менен жасайбыз! Курут өндүрүүчүнүн жинин келтирген 5 нерсе

© Sputnik / Табылды КадырбековНациональный фестиваль курута в КТУ "Манас" в городе Бишкек
Национальный фестиваль курута в КТУ Манас в городе Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ар жекшемби сайын Sputnik Кыргызстан агенттиги ар кайсы кесиптин ээлеринен алардын кыжырын келтирген нерселер тууралуу сурап билет

Жакында эле интернетте сүзмө сыяктуу массанын ичине ич кийимчен түшүп алган адамдын сүрөтү жарыяланып, кыргызстандыктар арасында бир топ талкуу жараткан.

Мындан улам биз курут жасап саткандардан бул сүрөттүн канчалык чындыгы бар экенин сурап, аны менен катар алардын кыжырын келтирген көрүнүштөр жөнүндө дагы билип көрдүк.

Алып сатаарлар

Базардан курутту арзыбаган баага мүшөктөп сатып алышат. Орточо баа килограммына 250 сомду түзөт. Алып сатаарлар ушуну дагы кымбат деп башты оорутушат. Ооба, мурда мындан арзан болчу. Бирок анда валюта курсу дагы төмөн эле. Эң кызыгы, кийин ошол эле куруттун ар бирин 10 сомдон кем эмес сатып жатканын көрөсүң. Эгер көбүрөөк жана сапаттуу курут алам десеңиз, Бишкектин чоң базарларына өзүңүз барганыңыз жакшы.

"Уламыштар"

Туризм в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Гиддин итатайын тутулткан алты көрүнүш
Бир апенди экинчисине курут жасагандар аны колтугуна тоголоктойт экен деп айтып койсо керек. Анан ошол кеп тарап кеткендир. Өзүңөр элестетип көрсөңөр, мүшөк-мүшөк курутту колтукка салып тоголоктоп жатканыбызды. Ага эмне деген күч керек?

Ал эми интернетке тарап кеткен сүрөт боюнча айтсам, ал киши сүзмө телебеп атат деген сөз карандай калп! Тагыраагы, мен сүзмөнү минтип аралаштырган кишилерди өмүрүмдө көргөн эмесмин. Ал эми куруттун арасынан чыгып калган кылдар жөнүндө сурасаңар, биринен чыгып калса, башка курут алгыла. Тилекке каршы, кээ бирөөлөр курут жасарда башына жоолук салынганды унутуп коюшат.

Амалкөйлөр

"Мунусун алсамбы же тигинисинби?" деп улам бирин ооз тийип көрүп туруп, бир аздан кийин албайм деп басып кеткендер айлаңды кетирет. Көп албай турган болсо, сатуучуну алдабай эле, 5-6 курутту сатып жебейби, ага арзыбаган тыйын кетет.

Башаламандык

Мен эң сонун түшүнөм, базар деген базар. Бул жерде бири-бири менен урушкандар, кээде орой айткандар толтура. Бирок базар деп эле алуучулар дагы кошо ажылдашып, колунда кармап жеп бараткан нерсенин калдыгын же кагазын ошол жерге ыргытып баса бергенин көргөндө зээним кейийт. Бирдеме десең, бул жерди тазалагандар бекер иштебейт, алган акчасын акташсын деп бир тийишет.

Шалаакылык

Айрым кесиптештеримдин тазалык жөнүндө таптакыр эле түшүнүгү жок. Алардын сүзмөнү кир идиште аралаштырып, чаң баскан тактайдын үстүнө жайып кургатып жатканын көргөндө кыжырың келет. Бирок мындай жол менен курутту дүңүнөн саткандар даярдашат. Бул учурда алуучу ар бир мүшөктөн алып жеп көрүп анан сатып албастан, колунан тийген мүшөктү алып кете берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0