Чоң-Алайда табигый кырсыктан жабыркагандарга жардам берүү уланат

© Фото / Зульфия ТургуноваПоследствия землетрясения в Чон-Алайском районе
Последствия землетрясения в Чон-Алайском районе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйылкы жылы социалдык объектилерди курууга бюджеттен 5,9 миллиард сом бөлүндү. Анын ичинде басымдуу бөлүгү мектептерди ремонттоого жана курууга багытталган.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Өкмөт табигый кырсыктан жабыркаган жарандарга ар тараптуу жардам көрсөтүүнү улантарын министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Посещение Республиканской инфекционной клинической больницы в Бишкеке Сооронбаем Жээнбековым - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт медицина кызматкерлеринин айлыгын көтөрүү маселесин карайт
Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун Чоң-Алай районунда май айындагы жер титирөөнүн кесепетинен кыйраган социалдык объектилерди калыбына келтирүү боюнча министрликтер менен ведомстволордун жүргүзгөн иши менен таанышуу учурунда айтты.

Ошондой эле өкмөт башчы Ош облусунун Шибээ жана Кулчу айылдарындагы ар бири 150 окуучуга эсептелген мектептердин капсула салуу иш чарасына катышты.

"Быйылкы жылы социалдык объектилерди курууга бюджеттен 5,9 миллиард сом бөлүндү, анын ичинде басымдуу бөлүгү мектептерди ремонттоого жана курууга багытталган. Бул мектептерде тарбияланган жаш муун өз элинин, мамлекеттин келечеги үчүн кызмат кылат деп ишенем", – деди Жээнбеков.

Чоң-Алай районунун жер титирөөдө жабыр тарткан жашоочулары ипотекалык насыялоо жана кирпич жеткирүү маселесин көтөрүп чыгышты. Ал эми Жээнбеков аталган көйгөйлөрдү тез аранын ичинде чечүүнү тиешелүү органдарга тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0