Наманганда кыргыз-өзбек чек араларын тактоо боюнча жыйын болот

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOКонтрольно-пропускной пункт кыргызско-узбекской границы в Кара-Суу
Контрольно-пропускной пункт кыргызско-узбекской границы в Кара-Суу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз-өзбек чек арасындагы делимитация жана демаркация маселелери боюнча кезектеги жыйын өтөт

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Мамлекеттик чек араны тактоо боюнча кезектеги жыйынга катышуу үчүн КР өкмөтүнүн делегациясынын жумушчу тобу Өзбекстандын Наманган шаарына жөнөп кетти. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жыйын 5-13-август күндөрү өтөт.

"Сүйлөшүүлөр кайрадан жүргүзүлө баштагандан тартып, 2016-жылдын август айынан 2017-жылдын августуна чейин тараптардын өкмөттүк делегациялары он беш жолу жолугушуу өткөргөн", — деп жазылат маалыматта.

Бардык жолугушуулар конструктивдүү жана достук маанайда өтүүдө. Жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусунан кийин тиешелүү протоколго кол коюлат.

Жаңылыктар түрмөгү
0